Ошто коронавирус илдетин жашырган үч кишиге кылмыш иши козголду
- 5 лет мурун
Ошто өзгөчө абал киргенден бери үч кишиге коронавирус илдетин жашыргандыгы үчүн иш козголду.
Бул тууралуу Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 21-апрелде брифингде билдирди.
Ал Калинин массивинде Орусиядан келген жаран үй-бүлөсүнө коронавирус жугузуп алганын мисал кылды.
«Орусиядан келгенден кийин текшерүүдөн, медициналык кароодон өткөн эмес. Үйүндө бала-бакырасы менен карым-катнаш кылып жүрө берген. Жаап-жашыргандыгы, өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнө жугузганы тууралуу маалымат толук аныкталып чыкты. Андан сырткары 10 жакын тууганы обсервацияга алынды» деди Нурдинов.
Учурда бул жаранга карага Жазык кодексинин 280-бересинин («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») негизинде иш козголуп, териштирилүүдө.
21-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 590 кишиге жетти. Алардын 150сү Ош облусунда болсо, 93ү Ош шаарында.