Дональд Трамп АКШга иммиграцияны токтотууга ниеттенүүдө

  • 4 года мурун

20-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарга иммиграцияны токтотуу жөнүндөгү мыйзамга кол коюуга ниеттенип жатканын билдирди.

Трамп “Твиттердеги” баракчасына “көзгө көрүнбөгөн душман” менен күрөшүү жана америкалыктардын жумуш орундарын сактап калуу үчүн иммиграцияны убактылуу токтотуу жөнүндөгү жарлыкка кол коюну пландап жатканын жазды.

Иммигранттардын мыйзамдуу түрдө өлкөгө киришин чектөө аракети сотто каралышы ыктымал, себеби АКШда иммиграция федералдык мыйзамдар менен жөнгө салынат. Буга чейин да Трамп качкындардын жана иммигранттардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салууга аракет жасаган. Чечим ар түрдүү соттук инстанцияларда каралып, жарлыктардын көбүн Жогорку сот туура деп тапкан.

Соңку аптада Дональд Трамптын администрациясы АКШга мигранттардын мыйзамсыз киришине кошумча чектөөлөрдү киргизип, муну коронавирустун өлкөдө жайылуу коркунучу менен түшүндүргөн.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты