Россиялык тарап «Кыргызстан жетекчилери Новосибирскиден келүүчү учакка уруксат берген эмес» деди

Россиянын Новосибирск облусунун жетекчилери Кыргыз өкмөтүнүн күнөөсү менен россиялык учакка уруксат берилбей, кыргыз жарандарын алып келчү учак келбей калганын билдирген.

Россиялык тарап S7 Airlines авиакомпаниясынын учагын даярдаганын, бирок ага кыргыз жетекчилери уруксат бербей койгонун билдиргенин «Фейсбук» баракчасына Жеңиш Молдокматов жазды.

Россиялык тарап кыргызстандыктар менен жолугушуусунда бул тууралуу айтты.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып, чет мамлекеттерде келе албай жаткан кыргызстандыктар тууралуу 15-апрелде парламент жыйынында талкууланган.

Өкмөт азыркы тапта 6 миң кыргызстандык Мекенине алынып келингенин, дагы 4371 адам келе албай жатканын, алардын 2116сы Орусияда экенин билдирди.

Коронавирус пандемисына байланыштуу чет өлкөлөрдө чектөөлөр болуп кыргызстандык жарандардын калганын алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйынында билдирди.

Сүрөт: Чет өлкөдө Мекенине кайта албай жаткан жарандар тууралуу парламентте маселе көтөргөн депутат Наталья Никитенко жана «Замандаш» партиясынан Жеңиш Молдокматов. Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты