Кытай Казакстандын жерин талашып жатканы калп (Фактчекинг)

Ширин Айтматова Твиттердеги баракчасына “коронавирусту жеңе албай турганда Кытай Казакстандын жерине көз артта баштадыбы?” деп жазып чыгып, бул тема катуу талкууланып жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Ширин Айтматова бул постундаРИА новости маалымат агенттигинин жаңылыгын бөлүшкөн. Ал жерде Казакстандын тышкы иштер министлиги Кытай сайтында чыккан макалага каршылык билдиргени жазылат. Ал макалада автор Казакстанга караган жер тарыхта Кытайдыкы болгон деген ойду жазган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 14-апрелде Кытайдын веб-сайтындагы автордун Казакстандын аймактук-бүтүндүгүнө шек келтирген макаласы боюнча Пекинге нааразычылык билдиргенин Азаттыктын Казакстандагы кызматы дагы жазып чыккан.

«Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен жолугушуу болуп өттү. Анын жүрүшүндө казак тарап www.sohu.com кытай веб-сайтындагы «Казакстан эмне үчүн Кытайга кайтып барууну көздөп жатат?» деген макалага нааразычылыгын көргөзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар «маалымат таратуу жана ЖМК жаатында тыгыз кызматташууга» макулдашканы, ошондой эле, Казакстандын Пекиндеги элчилиги Кытайдын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөнү жазылат.

Ушул эле маалымат Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында дагы берилген:

“Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде КЭРдин Казакстан Республикасындагы элчиси Чжан Сяо менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө казак тарап www.sohu.com кытай веб-сайтындагы «Казакстан эмне үчүн Кытайга кайтып барууну көздөп жатат?» деген макалага нааразычылыгын билдирди. Тараптар маалымат таратуу жана ЖМК жаатында тыгыз кызматташууга макулдашты. Казакстан Республикасынын Пекиндеги элчилиги Кытайдын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда www.sohu.com сайтында бул макала өчүрүлгөн.

Жыйынтык: Кытай Казакстандын жерин талашып жатканы калп.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты