​Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайдан келген гумжардам өлкөнүн түштүгүнө жөнөтүлдү

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрдү.

Бир жолку комбинезон, медициналык көз айнек, бир жолку стерилдүү желим хирургиялык кол каптардан жана бахиладан турган топтомдор, 200 комплекттен Ош., Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Сузак жана Ала-Бука райондорундагы медкызматкерлерге берилди.

Ошондой эле 300 даана инфракызыл термометр Ош шаарына жана Ош облусуна берилди, Жалал-Абад облусуна – 200 жана Баткен облусуна – 100 даана берилди.

Кыргызстанда жалпы тастыкталган 298 учур катталды. Алардын ичинен:

Ош облусунда – 98;

Жалал-Абад облусунда – 89;

Чүй облусунда – 15;

Баткен облусунда – 4;

Ош шаарында – 36;

Бишкек шаарында – 42;

Нарын облусунда – 10;

Ысык-Көл облусунда – 4 .

Медицина кызматкерлери жалпы: 39, жаӊы – 5 учур (Чүй — 1, Бишкек — 4).

Сүрөттө: Кытайдан келген гумжардамды Кыргызстандын кабыл алуу учуру. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты