​Оштогу коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер кайрылуу жолдоду. Министрлик иликтейт

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлерин вице-премьер министр Кубатбек Бороновго, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана Кыргыз Республикасынын башкы инфекционисти Гулжигит Аалиевге алар боюнча туура эмес маалымат берилип, абройлоруна шек келтирилип жатканын айтып, кайрылуу жолдошту.

Төмөндө алар жолдогон кайрылуу өзгөртүүсүз берилди.

«Кыргыз Республикасынын вице-примьер министри К. Бороновго,
Саламаттыкты сактоо министри С. Абдикаримовго,
Кыргыз республикасынын башкы инфекционисти Г. Аалиевге

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлеринен

КАЙРЫЛУУ.

Биздин кайрылуубуз төмөндөгүчө:
— Балдардын жугуштуу оорулары стационарынын (кийин ДИС деп беребиз) кызматкерлери К. Бороновдун жана Г. Аалиевдин брифингин көргөндөн кийин, биздин жетекчилик, Ош шаарынын эпидемиологдору туура эмес билдирүүлөрдү берип, биздин аброюбузга шек келтиришти деп эсептейбиз.
Себеби: биздин дарыгер эч кандай кошунасыныкына кирип, чай ичкен эмес.
18.03.20 числосунда Ош шаарынын Черемушки кичи шаарчасында жайгашкан ФТБ-3түн аварийный имаратына 17.03.20сы кичи ажыдан кайтып келген жарандардан анализ алууга, анкета толтурууга ДИСтин башчысы Абжалов тарабынан киргизилген.
Дарыгердин айтуусу боюнча, ал жерде эч кандай шарт түзүлгөн эмес болгон. Шаар мэринин көрсөтмөсүнө карабастан, ал жерди жууп-тазалоо болгон эмес.
(Биздин оорукананын 1-корпусу ремонтко жабылганына байланыштуу, 2-4-бөлүмдөр 4 ай бою ошол жерде иштешкен жана 14.03.20күнү «обсервация болот» деп, шашылыш көчүрүлүп) имараттын ичи талапка ылайык хлор менен тазаланбаган, кварц жөнүндө ойлонулган эмес. Кийинки күнү умрадан келген жарандар аркылуу видео тартылып, интернет аркылуу жалпы кыргыз эли көргөн.
Умрадан келген жарандар өткөн коридор менен өтүп, туткаларды ачып, ошол аба менен дем алып, биздин дарыгерлер ошол имаратка кирип, «таза зона, кир зона» жок экендигин көрүп, Абжаловго телефон аркылуу билдирген. Ошол имаратта СИЗ костюмдарын кийип киришкен.
Улгайып калган жашына, өнөкөт оорулары бар экендигине, 3-бөлүмдүн дарыгери Аматованын телефон аркылуу эскерткендигине карабай Абжалов жөнөтүп жибергендиги менен КР МЗ 156 приказын одоно түрдө бузуп, жалган маалыматты бергендиги менен «ар бир ак кызмат өтөгөн ДИСтин кызматкерлеринин аброюна шек келтирген»деп эсептеп, сиздерди аныктап- тактап, керек болсо комиссия түзүп, бизди актап, эл алдында төгүлгөн намысыбызды кайрып берет деген үмүт менен сиздерге кайрылуу жасадык.
Биздин коллектив ушул күнгө чейин «Дарыгер 2-3 жолу гана ремонтту көргөнү келген» деген жалган кептерди, «башка жактан жугузду» деп кой деп дарыгерден суранганын, жумушта бүтүндөй оорукана обсервацияга алынса да, толук кандуу иш-чара жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө телефон аркылуу айтсак да, көңүл бөлбөгөндүгүн, жана ушул күндөрү мас ахыбалында жүргөндүгүн да айта кетебиз. «Ар күнү түшүнүк кат жазың, ал жактан деп кой» деп биздин дарыгерди психикалык атакага алган.
Чындык издеп, чыркыраган ДИСтин кызматкерлери. 20 адам кол койгон. деп кайрылышкан. (Булак: Марал FM).

Кечээ, 8-апрелде, маалымат жыйынында биринчи вице-премье-министр Кубатбек Боронов Оштогу ооруканадагы коронавирус жуктуруунун себебин учкай белгилеген. Дарыгер кичи ажылыкка барган кошунасынан жуктуруп алып, кесиптештерине жуктурганын, дарыгерлердин баары ооруган эместигин айткан, Оорукана дезинфекциялоого эки күнгө жабыла турганын белгилеген.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Оштогу ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарындагы дарыгерлердин дартты жуктуруусу боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди. (Видео)

Саламаттык сактоо министрлиги дарт жуктуруу себебин жеринде иликтейт

Саламаттык сактоо министрлиги Ош облусундагы медкызматкерлердин топ-тобу менен ооруну жуктуруп алуу учурларын иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кеткендигин кабарлады.

Медкызматкердин вирусту жуктуруунун ар бир учуру боюнча териштирүү жүрүп, тийиштүү баа берилет.

9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоонун 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер жана медайымдар, инфекционисттер жана лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын жумушчулары жана кир жуугучтар бар.

“Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз” деди саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталса, анын экөө дарыгерлер болду. Короавируска кабылган жалаы 280 кишинин 34ү медициналык кызиматкерлер.

9-апрелге карата Кыргызстанда 34 дарыгер коронавирусун
жуктурган:

• Ош облусунда – 21,

• Жалал-Абад облусунда – 8,

• Бишкекте – 4,

• Баткен облусунда – 1.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты