​Ишкана- уюм кызматкерлерин ташууга уруксат алуу шарты жөнөкөйлөштүрүлдү

  • 4 года мурун

Эми уруксат алуу үчүн билдирменин формасын толтуруу керек. Анда ким жана кандай максатта уруксат алууну каалагандыгы көрсөтүлөт.

Уруксат алган соң, төмөнкү документтерди көрсөтүү менен блокпосттордон өтүүгө болот:

— иштеген жеринен алынган маалымдама;

— жол баракчасы. Анда кызматкерлердин тизмеси жана толук маалыматы көрсөтүлөт;

— QR-код.

Уруксаат алуу үчүн билдирменин жана жол баракчасынын бекитилген формасы менен www.1312.tunduk.kg шилтемеси боюнча таанышууга болот.

Аталган чечим Бишкек шаарында өндүрүш ишин үзгүлтүксүз ишке ашыруу жана азык-түлүк, медикаменттер жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен өз мөөнөтүндө камсыздоо максатында кабыл алынган.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты