Кыргызстан: гендердик теңдик маселеси дайыма күн тартибинде болушу керек
- 5 лет мурун
- Баяндар
Кыргызстандыктардын үчтөн бир бөлүгү саясатта аялдардын санынын көп болушун каалашат, ошол эле учурда калктын көпчүлүгү аялдар өздөрүн социалдык тармактарда жана үй чарбасында көрсөтүшү керек деген пикирде. Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.
Назик Акпарова – Ысык-Көл облусундагы Саруу айылдык кеңешинин эң жаш депутаты. Өзүнүн 28 жашында төрт балага тарбия берип, мектепте мугалим болуп иштеп, андан сырткары шайлоочулары менен дагы иштегенге жетишет. Шайлоого ат салышууга жакындарынын сунушу жана жолдошунун колдоосу түрткү берген.
Назик Акпарова үйбүлөсү менен, жеке архивинен
Бирок керектүү добушту чогултуу оңойго турган жок, анткени эркек-талапкерлер ачык эле аялдар квотасына каршы чыгышты.
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо” жөнүндөгү мыйзамга 2019-жылдын 8-августунда кирген өзгөртүүлөргө ылайык, жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны 30%дан кем болбошу керек.
“Шайлоого карата үгүт иштеринин маалында эркек-талапкерлер тарабынан туура эмес үгүттөр жүргүзүлдү. Алар электоратты аялдар иштебей үйдө отурушу керек деп жатышты”, — дейт Акпарова.
Жыйынтыгында, жаңы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ат салышкан 16 аялдын ичинен 9 аял мандат алган.
“Бул нерсе башка аялдарды дагы таасирлентти – алар өз күчтөрүнө ишенип, эмки шайлоолорго ат салышабыз деген ойдо калышты”, — дейт Акпарова.
Пикирлердин кармашы
Саруудагы шайлоо аялдарын саясатка активдүү аралашуусу кыргызстандагы коомчулук үчүн кадыресе көрүнүш эмес экенин далилдеди. Көп эркектер мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөргө даяр эмес экендигин көрсөтүштү.
Аялдар үчүн 30%дык квотанын киргизилиши муктаждык болчу. Акыркы 15 жылда айылдык кеңештердеги аял депутаттардын саны туруктуу түрдө азайган тенденция байкалган.
БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин 2018-жылдын март айына карата маалыматына караганда, 2004-жылы өлкө боюнча аялдардын үлүшү 19%ды түзсө, 2016-жылы бул көрсөткүч эки эсеге түшүп кеткен. Ар бир бешинчи жергиликтүү кеңешке бир дагы аял шайланган эмес.
Аялдардын саясатка катышуусуна Кыргызстандагы мамиле ар түрдүү. Эл аралык Республикалык институттун (ЭРИ) 2019-жылдын 19-ноябрынан 2-декабрына чейин жүргүзүлгөн “Кыргызстандагы коомдук пикирди сурамжылоо” изилдөөсүнө ылайык, өлкөнүн ар бир үчүнчү жашоочусу саясатта аялдарын саны көп болушу керек деп эсептейт. Дагы ар бир үчүнчүсү ошол учурдагы эле сандагыдай болгону туура дейт.
Аялдардын саясатка катышуусуна өлкөдөгү элдин позитивдүү көз карашта экенин Кыргызстандын улуттук статистикалык комитети дагы белгилеген – кыргызстандыктардын жарымынан көбү аялдар мамлекеттин саясатын калыптантууда жакшы салымын кошуп жатат деген пикирин билдирген.
Өлкөнүн ар бир экинчи жараны чечим кабыл алгандардын ичинде аялдардын саня көп болсо мамлекеттин жашоосу жакшырмак деген ишенимде.
ЭРИнин изилдөөсүнө ылайык, элдин аялдарды саясатка көп катыштыруу керек деген пикирде болушуна дагы бир катар себептер бар. Бул алардын жеке сапаттары, профессионалдуулугу, башка аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам, маселени эффективдүү чечүү.
Кыргызстандыктардын ичинде өмөттүн курамы дагы калктын түзүлүшундөй болушу керек деп эсептегендер бар, муну менен катар эки жыныстагыларга дагы өлкөнүн саясий турумушуна катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берүү керек.
Аялдардын саясатта болуусуна оң пикирлердин жетиштүү экенине карабай, кайсы чөйрөдө аялдар өздөрүн өнүктүрүүсү керек деген суроо берилгенде үчилтик жоопко билим берүү, саламаттыкты сактоо жана үй чарбачылыгы озуп чыгат, мындайда саясат жакындабайт.
Тоскоолдукту жараткан стереотиптер
Эмне үчүн кыргызстандыктардын көбү аялдар саясатка катышышы керек деген пикирин айтып, алардын маселе чечүүдө эркектерге караганда жетишкендиктерин көп белгилешет дагы, ошол эле учурда аялдардын орду социалдык чөйрө менен үйбүлөдө деп эсептешет?
Эксперттердин пикиринде, бул салттуу-улуттук коомго байланыштуу.
“Биз өнүгүүдөбүз, бара-бара бутка туруп келе жатабыз, бирок ошол эел убакты аялдын коомдогу орду салттуу. Аял үй чарбасындагы курал катары кабылданат. […] Бүгүнкү күндө аял эң ири позицияларды ээлеп, финансылык жактан көз карандысыз боло алат. Ошол эле учурда маанилүү маселелерди чечүүгө келгенде ал үйбүлөнүн баарына макул болгон мүчөсү бойдон калып жатат”, — дейт БААУнын (АУЦА) антропология программасынын профессору Чолпон Турдалиева.
Анын айтымында, бир жагынан алганда аял эркин, өзүн өзү каржылай алган адам, экинчи жагынан бийликтин кцралдары жок, көз каранды болгон кырдаал жаралууда. Андан тышкары бул кырдаалга өлкөдөгү калктын динчилдигинин өсүүсү дагы кошумча себеп болот.
“Бүгүнкү күндө аял лидер катары эмес, үй адамы катары кабылданган исламга кызыгуу өсүп жатканы байкалат. Башкаруунун негизги рычагдарын кармоо жана маанилүү маселелерди чечүү эркекке жүктөлгөн. Көптөгөн ата-энелер кыздарынын ролун келечекте социалдык активдүүлүктөн эмес, үйбүлөдөн гана көрүшөт», – дейт Турдалиева.
Бирок бул бардык жактагы тенденция деп айтууга болбойт. Кыргызстандын мусулман коомчулугунда жоолук оронгон аялдар дагы бизнес, спорт,мода чөйрөсүндө, бейөкмөт уюмдарда ийгиликтүү иштеп жүргөндөр көп.
Калыптанып калган стереотипти жоюу үчүн комплекстүү жана көп катмарлуу иш алып баруу керек. БААУнун антропология программасынын доценти Руслан Рахимовдун пикиринде, билим берүү жана экономикалык өсүүгө басым жасоо керек – бул эки жол гендердик теңчиликти алып келе турган жолдор. Аны менен катар эле саясий процесстерди сын көз караш менен карап чыгып, гендердик маселелердин “саясатташуусун” жүргүзүлгөн реформалардан айырмалоо керек.
“Мисалы, социалдык протесттерге көбүнчө ЛГБТны коргоо ярлыгы илинүүдө, бул экөө түзмө-түз эч кандай байланышпайт. Ушундай жол менен түшүнүктөрдү алмаштыруу, коомдук пикирди манипуляция кылуу жүрүп жатат. Ошондуктан, маанилүү темалар боюнча калктын арасында түшүндүрүү иштерин максималдуу түрдө жеткиликтүү тил менен түшүндүрүү, сын көз караш менен ой жүгүртүү зарыл”, — дейт Рахимов.
2012-жылы Кыргызстан Гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук стратегияны кабыл алган. Бул документте өнүгүүнүн бир канча багыттары белгиленген: саясий тең укуктуулук, сот адилеттүүлүгүнө жетүүгө, билимге жана экономикалык ресурстарга бирдей укук.
“Бул программа максатына жетти деп кескин айтууга азырынча болбойт. Бул суроого глобалдык масштабда бир дагы өлкө жооп бере албайт. Ал эми аялдардын саясатка катышуусу боюнча биз керектүү мыйзамдардын баарын кабыл алдык”, — дейт ошол учурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова CABAR.asia. аналитикалык порталына берген маегинде.
Бирок көйгөй мыйзамдардын дайыма иштей бербегендигинде, алардагы мүчүлүштүктөрдө, ал эми ал мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөйт.
“Ошондой болсо дагы бул багытта бир катар ийгиликтер бар. Аялдарга 30%дык квотаны камсыздоо биринчи жакшы жыйынтыктарын көрсөттү. Ошондой эле эгерде аял депутат мандатын тапшырып кетсе, анын ордуна дагы аял депутат келиши керектигин белгилеп коюу керек. Буга чейин мындай норма болгон эмес”, — дейт Өмүрбекова.
Кыргызстанда ушул жазында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт, андан кийин парламентке ат салышуу башталат. Вице-премьер министрдин айтымында, гендердик мыйзамдар иш жүзүндө кандай иштээрин көрсөтөт. Андан сырткары, бул жылы өкөт гендердик теңчиликке жетүү боюнча стратегияга мониторинг жасайт, андан кийин гана кайсы тарабында көрсөткүчтөр өстү, кайсы тарабында өскөн жок айтсак болот.
“Гендердик теңчиликти 10 жылдын ичинде чечип салууга мүмкүн эмес, алар дайыма күн тартибинде болушу керек”, — деп сөзүн жыйынтыктады Өмүрбекова.
Асел Сооронбаева