Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалды
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон жарлыктын негизинде, Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды.
Жогорку Кеңеш Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырган.
1-апрелде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кызматтан бошотулду.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү