Коменденттык саат: Бишкекте 119 киши тартип бузду
- 5 лет мурун
Өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор шаарда тартип бузган 119 жаран кармалды.
Бул кечээкиден азыраак, анда 137 киши болчу.
Тартип бузгандар 17 аял, 102 эркек, анын ичинде — чет өлкөлүк 3 жаран.
Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 киши кармалган,
Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
Сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү