​Өзгөчө абал режимин бузгандарды кандай жаза күтөт?

Өзгөчө абал режимин бузгандарга көрүлүүчү чаралар тууралуу өкмөт аппараты эскертти.

Бишкек коменданты Алмазбек Орозалиев кол койгон буйрукка ылайык ,бир катар учурлардан тышкары, өтө зарыл болбосо адамдардын жана жеке унаа каражаттарынын шаарда жүрүшүнө ж.б. тыюу салынды.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, бюджеттик уюмдарда иштегендерге тиешелүү уруксат кагазы жок болсо, жеке унаалар менен жүрүүгө тыюу салынат. Кызматкерлер үчүн унаа даярдап, бирдиктүү ташуу уюштуруу керек.

Дагы кандай административдик чаралар көрүлөт?

Мисалы, тертип бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренесине ылайык, коомдук тартип боюнча милдетин өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жеке жактар үчүн — 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Бул тууралуу өкмөттү маалымат кызматы билдирди.

Күндүз үйдөн чыгып өзгөчө абал режимин бузуу үчүн бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу жөнүндө 293-берене) жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Коменданттык саатты бузган шартта жарандар милиция же аскердик күзөт тарабынан коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат.

Ал эми жанында документи жоктор өздүгү аныкталганга чейин үч суткага чейин камалат; кармалгандардын өздөрү, буюмдары жана унаа каражаттары текшерилиши мүмкүн.

Ошондой эле жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Коомдук жайларда беткапсыз жүрүү жана башка аракеттерге бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жеке жактар үчүн 1 миң сом, юридикалык жактар үчүн 5 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине, милиция, аскердик күзөткө карата коркутуп-үркүтүү, зомблук көрсөтүү менен коркутуулар кылмыш жаза кодексинин 355-беренесине ылайык IV категориядагы түзөтүү иштери же V категориядагы айыппул, же I категорияда эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга карата өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу эмес зомбулук көрсөтүү же өмүрү жана саламаттыгы үчүн кооптуу зомбулук көрсөтүү же II категорияда эркинен ажыратуу менен VI категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет.

Карантин, обсервация режимдерин сактабагандык, дарылануудан качуу, ооругандыгы тууралуу маалыматты жашыруу ж.б. аракеттердин кесепетинен адамдарга коронавирус жуккан шартта:

Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-беренесине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү (жашы жете электер үчүн – 15 000 сомдон 25 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн – 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин) жазага алып келет.

Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан массалык ооруга чалдыгууга, адамдардын уулануусуна же башка оор зыян келтирсе, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан 2 жылга чейин ажыратуу менен, II категорияда эркинен ажыратуу (жашы жете электер үчүн — бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин) менен VI категориядагы айыппул (жашы жете электер үчүн 80 000 сомдон 100 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 180 000 сомдон 220 000 сомго чейин) түрүндө жазага алып келет.

Коменданттык сааттын тартибин бузгандар Бишкекте көбөйүп бараткандыгы байкалат. Бишкекте 29-мартта тартип бузгандардын саны 119 болгон, 30-мартта — 122, 31-мартта 137 ге жетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

30-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды.

Алар — Жалал-Абад облусунун Сузак районунан. Өлкө боюнча коронавирус жугузгандардын саны 94 болду.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты