Ош ооруканасына барууну каалагандардын паспорту жана жолдомо кагазы болушу керек
- 5 лет мурун
Айыл жергесинен Ош шаарынын ооруканасына кайрылууну каалаган жарандардын жанында паспорту (паспортунун көчүрмөсү) жана жашаган аймагындагы ооруканадан жолдомо кагазы болсо, санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтө алышат.
Бул тууралуу Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.
«Биз ооруп жаткан адамдарга жардам берүүгө милдеттүүбүз” деди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
29-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Бардыгы 84 болду.
Анын ичинен Жалал-Абадда -39, Ош облусунда -33 учур катталды.
Сүрөт: Республикалык штаб.