Коменданттык саат: Бишкекте тартип бузган 122 жаран кармалды
- 5 лет мурун
Бишкекте өткөн суткада коменданттык саат ичинде саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин тартип бузган 122 жаран кармалды.
Алар — 23 аял, 97 эркек, анын ичинде 2 чет элдик жаран жана 2 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпытартип бузган 739 адам кармалганын Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
29-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Бардыгы 84 болду.
Анын ичинен Жалал-Абадда -39, Ош облусунда -33 учур катталды.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
Сүрөттө: Алмазбек Орозалиев. Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү