Бишкекте коменданттын орун басарлары дайындалды
- 5 лет мурун
Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев коменданттын орун басарларын дайындады.
Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин колбашчысы полковник Алмазбек Карасартов Бишкек шаарынын аймагында бөлүштүрүлгөн аскер бөлүктөрүнүн кызматташуусун жана колдонууну уюштуруу боюнча;
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов– социалдык-экономикалык маселелер боюнча;
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы ,милициянын полковниги Канат Жумагазиев – коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо боюнча;
УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан Дүйшекеев – конституциялык түзүмгө, суверенитетке укукка каршы кол салууларды жоюу жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү башка маселелер боюнча.
Комендатуранын алдында ыкчам штаб жана катчылык түзүлдү.
25-марттан тартып, Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.