​Коронавирус пандемиясы жарыяланды

  • 4 года мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бул тууралуу уюмдун директору Тедрос Адханом Гебрейесус 11-марттагы брифингде билдирди.

“Жакынкы күндөрдө коронавируска чалдыккандар, өлүмгө алып келген учурлар жана коронавирус табылган өлкөлөр көбөйөт” деди ал.

Пандемия бул эпидемиянын эң күчтүү түрү, мында инфекция бир нече мамлекеттерге жайылат.

Коронавируска чалдыккандардын саны дүйнөдө 118 миң кишиге жетип, 114 өлкөнү каптады.

ДСУнун маалыматы боюнча, коронавирустан 4291 киши каза тапты.

Кытайдан тышкары өлкөлөрдө ооругандардын саны 38,1 миң киши болду. Оору жугузгандар 114 мамлекетте катталды.

Италияда (10 миң 149), Иран (8 миң 42), Түштүк Корея (7 тысяч 755), Франция (1 миң 784), Испания (1 миң 695) жана Германияда (1 миң 565).

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты