​Улуттук банк: Сомдун мындан ары арзандашына негиздүү себеп жок

  • 4 года мурун

Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок. Бул тууралуу 11-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди:

«Сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жок. Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат. Коронавируска байланыштуу анча-мынча өзгөрүүлөр болууда. Бул кыска мөөнөттүү гана таасир. 2-3 айдын ичинде баары өз ордуна келип, ушундай абалда калат» деди ал.

10-мартта Кыргызстанда доллар кымбаттады. Өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматка караганда, бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулады.

Ушул эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. Эртең менен 1 АКШ доллары коммерциялык банктарда 69,85-69,95 сомдун тегерегинде сатылып жаткан болсо, кечке маал 72,85-73 сом болду.

Абдыгулов Улуттук банк 53,7 миллион долларды 72,90 сомдон сатканын билдирди.

11-мартта Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69,85 сом бойдон турат. Ал эми коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 72,76-72,96 сом болууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты