ЖЭБде электромонтер токко урунуп, 4 пайыз күйүк алды
- 5 лет мурун
Бишкек жылуулук борборунун электромонтеру Т.Ш. кечээ, 18-февралда, иш учурунда токко урунуп, бети-башы күйгөн.
Бул тууралуу «Электр станцияларынын» басма сөз кызматы билдирди.
Жабыркаган кызматкер №4 ооруканага жаткырылды. Дарыгерлер электромонтердун 4 пайыз күйүк алганын жана абалы канаттандырарлык экенин билдирген.
Бул окуя боюнча жеринде комиссия түзүлгөн.
Муну бөлүшүү