Аймак аралык кастыкты козуткан деп блогер 48 саатка кармалды

  • 4 года мурун

Аймак аралык кастыкты козутуу шеги менен блогер Элмир Сыдыман 48 саатка камалды.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматы тараткан маалыматта этникалык, расалык, улуттук, диний жана регион аралык кастыкты козутуу беренесине байланыштуу шек менен 23 жаштагы Э. С. камалганы айтылат.

Ал убактылуу кармоо жайына 48 саатка камалды. Сотко чейинки өндүрүштүн чегинде иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

«Сыдыман» деген ысым менен блогер «Инстаграмм» баракчасында аймактардагы жашоочуларды сындагандыгы менен белгилүү болгон.

Сүрөт: Октябрь ИИБ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты