«Тазалыктын» баш бухгалтери менен операторлору май талондорун кантип «жеди»?

  • 4 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О. жана операторлор М.А. жана Б.Н.ди кармады.

Баш бухгалтер операторлор менен өз ара сүйлөшүп алып, 84 млн сомдон ашуун күйүүчү жана майлоочу май талондорун өздөрүнө ыйгарып алгандыгына байланыштуу камалып, үй камагына алынды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы 13-февралда кабарлады.

— Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 8-февралда мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н.ны кармады.

2019-жылы «Тазалык» ишканасы 84 млн. сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, жоптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган.

Бирок аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен бирге Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси, (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды.

Сот органдары тарабынан кармалгадарга 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы каралган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат,- деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты