Кытайда коронавирус менен ооругандар азаюуда
- 5 лет мурун
Алты күн катары менен Кытайда Хубей шаарынан башка аймактарда коронавирус менен ооругандардын саны азаюуда.
3-февралга карата 3235 учур болсо, 9-февралда 3062 учур катталды. Анын 444 ү Хубей шаарында болду.
Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө абал жарыялады.
Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.
Ухань шаарынан кийин коронавирустан Хубей провинциясынын тогуз шаары жабылды. Дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы коронавирус кишиден жуга турганын ырасташты.
Муну бөлүшүү