Абылгазиев: “Биздин аэропорттор менчиктештирилбейт, тышкы башкарууга берилет”

  • 4 года мурун

Кыргызстандын аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы аэропорттордун мындан ары өнүгүүсүнүн моделинин үстүндө иштеп жаткан эл аралык финансы корпорациясы 2019-жылы тандалганын белгиледи. Бул иштер кайтарымсыз шартта эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылып жатат.

«Аэропорттордун өнүгүү моделинде инвестициянын көлөмү, салык сындуу параметрлер көрсөтүлөт.

Бул модель Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, андан кийин, тышка башкарууга бериле турган компания тандалат.

Муну менен аэропорттор менчиктештирилбейт. Бул эл аралык тажрыйба», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты