​Матраимовдор 24 kg сайтына доосун кайтарып алды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Матраимов, анын аялы Минавар Жумаева, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын аялы Уулкан Тургунова 24 kg басылмасына койгон 15 млн сом доосун кайтарып алды.

24 kg агенттиги “Контрабандные схемы ведут к клану Райыма Матраимова Расследование журналистов” (“Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү”) аттуу иликтөөнү көчүрүп жарыялаган.

Бул тууралуу аталган сайтта жазылды.

Басылма журналисттердин иликтөөсүн көчүрүп басканын жана материалдын атында айтылган аныктамага далил жок экенин билдирди.

2019-жылдын 19-декабрында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», 24 kg медиаларына жана журналист Али Токтакуновго койгон доосу боюнча сот отуруму башталган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү “Азаттык” радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, “Kloop.kg” жана “24.kg” сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыялаган.

Кезектеги сот отуруму 29-январда улантылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты