Түштүк Кореяда төрт киши коронавирус жугузду

  • 4 года мурун

Түштүк Кореяда төрт киши 2019-nCoV коронавирусун жугузганы катталды.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Сыркоо кишинин экөө Кытайдан келе жатканда аэропорттон кармалды. Бир кишиде оорунун белгиси келгенден кийин байкалган.

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 80 кишиге жетти. 2744 киши бул вирусту жуктуруп алганы белгилүү болду.

Ухань шаарынан кийин коронавирустан Хубей провинциясынын тогуз шаары жабылды.

Дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус кишиден жуга турганын ырасташты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты