​Жугуштуу вируска байланыштуу Кытайдан келген жарандар текшерилүүдө

  • 4 года мурун

Эл аралык «Манас» аэропортунда Кытайдын Үрүмчү шаарынан келгендер коронавируска байланыштуу текшерилип жатат.

Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Аэропорттун санитардык-карантин пунктунун кызматкерлери тепловизор аппараты менен иштеп, дене табы көтөрүлгөн жана инфекциялык дартка чалдыккандарды аралыктан аныкташууда.

23-январдан 1-февралга чейин Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамы токтотулат. Бул — Кытайда жаңы жылдын майрамдалышына байланыштуу.

Кытайда дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус адамдан адамга жуга турганын ырасташты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты