​Жанар Акаев: “Жеңиш Разаков элден кечирим сураш керек” (Видео)

Бүгүн, 22-январда, депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков элден кечирим сураш керектигин билдирди.

“Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүндөн калбай элден кечирим сурашы керек.Анткени ал кечээ комитетте чек арага жардам бергиле деп чыккан элди “кимдир-бирөөлөр каржылаган, акчага чыккан” деп атады. Бул –элди мазактоо.

Факты жок. Баткенден чек арадан, айылдан келип, өкмөткө элдин талабын айтып жатса, акчага чогулгандар деп атады. Бул — абдан чоң ката. Же кызматын тапшырыш керек. Бул — мазактоо.

Экинчиден камалган балдарды күч органдары бошотуш керек. Аларга массалык баш аламандык уюштуруу деген кине коюлуп жатыптыр. Бул да туура эмес. Тескерисинче элди козутуп жатат. Айыл башчылар келип талабын айтса, алар да куугунтукталып жатат” деди депутат Акаев.

Кечээ, 21-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде чек ара боюнча митингге чыккан элди кимдир-бирөөлөр тарабынан каржыланган, акчага чыккан деп билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты