Назгүл Жаңыбаева, ишкер: “Билимдүү аялдын колунан бардык нерсе келет”

Бардык адамдардын башынан кыйынчылык өткөн сыяктуу, Назгүл Жаңыбаеванын дагы башынан бир кезде ушундай учурлар өткөн экен. Ал кезде мүнкүрөп калбай, апасына “Апа, Кудай Буюрса бизде уюлдук телефонубуз болот, мен сизге чалып “чыгып туруңуз, ресторанга барып тамактанып келебиз” деп айткан учур дагы келет” деп кыялданар эле. Бардык нерсе кыялды максатка алмаштыруудан башталарын Назгүл өзүнүн мисалында далилдеп отурат. Бүгүнкү күндө ал жетектеген Event M компаниясы бул рыноктогу лидер компаниялардын бири. Ишкерликтин сыры тууралуу Назгүл Жаңыбаева менен маектештик.

— Event M компаниясын түптөгөнгө чейин кандай иш менен алек болчусуз?

— Бишкек гуманитардык университетинде (БГУ) экология жана менеджмент факультетинде, география, туризм жана так илимдер кафедрасында сырттан окуганмын. Бизнес өнүгүп кеткен, а биздеги окуу куралдары абдан эле артта калган. Ошондуктан университеттен пайдалуу бир нерсе алдым деп айта албайм. Ата-энемдин суранычы менен окудум. Университетке тапшыра электе эле консалтинг компаниясында иштечүмүн. Бул жакта 5 жыл иштедим жана теориялык жактан көп нерсе окудум, үйрөндүм. 2005-жылы туристтик компанияда ишимди уланттым. Ал жакта 4 жыл иштеп, теориялык билимимди максималдуу түрдө практика менен айкалыштырдым. 2009-жылдын 10-декабрда жолдошум экообуз Event M компаниясын уюштурдук.

— Эмнеге Event M? “Ивент” иш чара дегенди түшүндүрөт экен, ал эми аягындагы “М” тамгасы эмнени түшүндүрөт?

— Биз иш-чаралардын дээрлик бардык түрүн уюштурабыз. Ошондуктан Event. Аягындагы “М” тамгасын көпчүлүгү менеджмент деп ойлойт. Бирок андай эмес. Мен арканды узун таштагам. Батыш өлкөлөрүндө биздикине окшогон компанияларды M.I.C.E. деп коет. Meetings, Incentives, Conferences, Exhibitions — чогулуу, шыктандыруу, конференция, выставка дегенди түшүндүрөт. Кыргызстандыктар бул терминди түшүнгөндө Event M.I.C.E. кылып өзгөртөм.

— Бул багытты тандашыңызга эмне себеп болду? 

— Кичинемде котормочу болгум келчү. Анткени котормочулар көп акча табат деп ойлочумун. Жарым жыл БГУда окудум. Ошол убакыттын ичинде БГУ боюнча студенттер күнүнө жана жаңы жылга карата чоң иш-чара уюштурдум. Кыздарды, балдарды топтоп билет саттырып, таланттууларды таап чыгардым. 2000-жылдары абдан таанымал ырчылардын бири Актан Исабаев болгон. Аны менен байланышуу кыйынга турган. Бул иш-чарага Актан Исабаевди чакырып, демөөрчүлөрдү таап, гонорарын төлөп бердим. Ошондо 17 жашта элем. Ушундан улам менде балалыгымдан уюштуруучулук талант болсо керек деп ойлойм. Көп кишилердин ар түрдүү ойлору бар, бирок аларды чогултканга бирөө керек. Мен уюштургандан ырахат алам. Кесибим, билимим дал ушул багытта болгондуктан бул жолду тандадым.

— Алгач компания ачууга каражатты кантип таптыңыз эле? 

— 18-19 жашымда 3-4 багытта көп бизнес-пландарым бар болчу. Ал убакта коптогон кишилерге жана банктарга кайрылып бизнес пландарымды тартуулап келгеним эсимде. Бирок кичинекей кызга эч ким ишенген эмес. Бул компанияны нөлдөн баштадык. Эч ким инвестор болгон жок. Башынан эле жолдошум экөөбүз чогуу иштеп келгенбиз. Компанияны да биргеликте ачтык. Алгачкы жылдары абдан кыйын болду. Компаниябызды каттатууга 3900 сом чогулта албай жүрдүк. Каттоодон өткөрүү үчүн ай сайын 100 сомдон чогултат элем. Кыйын учурда бөлөм бир бөлмө бөлүп берди. Офис кылып, рекламаларды, пландарды түздүк. Интернетке жайгаштырдык. Билимимдин негизинде бутубузга туруп кеттик. Фундамент, билим болбосо тепселенип, жок болсо керек эле бул компания. Кийин ийгиликке жетише баштады. Алты-жети жыл иштеген соң жолдошум башка иш менен алектенип, компанияны мага калтырды.

— Алгачкы ийгилигиңизди айтып берсеңиз?

— Консалтинг компаниясына ишке алынганымды биринчи ийгилигим деп эсептейм. Алгач 18 ыктыярчы келип, 6 ай стажда жүрүп, мен жумушка алындым. Андан сырткары 17 жашымда “West” тамеки компаниясына промоакция уюштургам. Компаниянын жетекчиси немец улутундагы адам эле. Анда биздикиндей компаниялар жок болчу. Ошондуктан кимге кайрылышын билбей жүргөн экен. Мен угуп калып, ага барганда колуңдан эмне келет дегендей кылган. Идеямды айткам. Университеттин татынакай узун кыздарын топтоп, “West” деген жазуусу бар кийим кийгизип ЦУМ, Ош базар ж.б жерлерде промо акция уюштургам, анын товарынын брэндин таннымал болушу учун бир нече акция уюштургам да, ошол убакта 300 доллар гонорар алганым эсимде. Ал учурда биз үчүн жакшы акча болгон.

— Ишкерлер кандай сапаттарга ээ болушу керек?

— Проактивдүү, ийкемдүү,лидерлик сапаты жогору болушу керек. Бирок, азыркы учурда мындай сапатка ээ болбогон чыгармачыл, назик айымдар да ийгиликке жетишип жатат. Ошондуктан чек койо албайм. Аялзаты алдыга умтулушу зарыл. Айымдардын ар биринде бир нерсени жаратуу, өнүктүрүү жана жасоо өзгөчөлүгү бар. Баса белгилегим келген нерсе-билим. Билимдүү аялдын колунан бардык нерсе келет.

— «Айымдар үчүн ишкер болуу кыйын» деген стереотипке кандай карайсыз?

— Ишкер айым болуу кыйын эмес. Бир нерсени уюштуруу аркылуу өзүңдүн жашооңду, убакытынды да пландап, уюштурганды үйрөнөсүң. Менин компаниям менен балдарым да өстү десем болот. Төрөдүм, иштедим. Эң негизгиси убакытты туура пайдаланганга аракеттендим. Өзүңдү өнүктүргөн, эч кимге көз каранды болбогон, сүйүктүү ишиң менен алектенген кандай сонун.

— Ишкер айым балдарына кантип убакыт бөлөт? Өзүңүздү кантип өнүктүрүп турасыз?

— Кечинде балдарым менен ойнойм. Алар менен англисче, кытайча суйлөшөбүз. Көп кыялдануусуна шарт түзүп берем. Кичинекей кезинде бала көп кыялданышы керек. Азыр чоңоюп калышты. Эми кыялданып отура берүү жетишсиз, аракеттениш керек экендигин жана боло турган нерселерге план түзүш керектигин үйрөтүп жатам. Дем алыш күндөрү өз колум менен тамак жасап берем, лагман чоем, манты түйөм дегендей. Албетте, сатып алса деле болот. Бирок камыр тамак менен эненин сүйүүсү өтөт балага.Болушунча активдүү болгонго үндөйм.Чоң кызым мага куюп койгондой окшош. Өтө активдүү.

Өзүмдү өнүктүрүү үчүн онлайн китептерди окуйм, интернеттен маалымат издейм. Мыкты ага-эжелер бар. Ошолор менен кеңешем. Өкүнүчтүүсү, андай билимдүү адамдар өлкөбүздөн чыгып кетип жатат. Биринчи кызым менен баламды орус тилдүү мектепке берип туура эмес кылыптырбыз деп ойлоп калдым. Кийинки эки баламды кыргыз тилдүү мектепке беребиз. Анткени биздин балдарыбыз кыргыз тилин билбесе, кыргыз баалуулуктарын унутса, неберелерибизге эмнени үйрөтөт? Барган сайын кыргыз деген ат өчөт го анда.

— Сизге эмне шык берет?

— Мен алган алгчкы 300 доллар өтө көп акча болгон. Үйгө алып келгенимде апам таң калган. Кайдан алдың деп ыйлап жиберген. Апамы көрүп мен ыйладым. Ошол учурда үй-бүлөмдө кыйынчылык болуп жаткан эле. Атам менен апам ажырашып, апам бизди оспурум чагыбыздан жалгыз бакты, окутту десем жанылбайм. Коп учурда Апамды аяп, коп каалоо тилектеримди угузпай жургонум да азыр эске келет. Коп сыноо баштан отту, ар кандай учурлар да болду. Анан бир күнү эле апам турбай ооруп калды. Ошондо апама: “Бир кезде бизде уюлдук телефон болот. Сизди жумуштан чыгып, “кийинип даярданып туруңуз, ресторанга барып келебиз” деп айта турган күн келет,”- дечүмүн. Азыр ошол сөздөрүмдү айтып, Апам коп эстей берет. Апам, үй-бүлөм менин негизги шыктандыргычым.

— Компанияңызды өнүктүрүү үчүн кандай иштерди кыласыз?

— Аябай коп иш чараларды кылабыз. Ошондуктан Event M дын аты азыркы учурда белгилуу, жана озунун орду бар. 2009-жылы ачылар замат эле ПРООНдун тендерине катыштык. Аны утуш үчүн багаж күчтүү болушу керек болгон. Бул тендер үч жылда бир жолу жарыяланып турат. Үчүнчү жолку катышуумда тагыраак айтканда, 2015- жылы уттум. 2012-жылы Кыргызстанда биринчи болуп, компанияны Дубайдагы көргөзмөгө катыштырып келдим, андан тышкары элге жагымдуу жана кутуулоор коп фестиваль жана концерт уюштурабыз. Бул деген озунчо салым-анткени ошондой концерттердин максаты актап же устунон тыйын табуу эмес, элге майрам тартулоо.

— Компанияңызга кызматкерлерди кайсы критерийлер менен жумушка аласыз?

— Иш-канама көбүнчө ишеничтүү, жоопкерчиликтүү, бир нерсе үйрөнүүгө ачык болгон адамдарды алам. Анткени көп нерсени өзүм үйрөтөм. Мен да пайдасыз жерге эле билгенимди айта бергим келбейт да. Өзүм окутам, өзүм мотивация берем, өздөрүнө болгон ишеничин арттырам (күлүп). Анан дароо эле проактивдүү кызматкерлер пайда болот. Биздин жумушта стресс көп болот. Ошону көтөрө билүү керек.

— Келечектеги ишкер айымдарга кеңешиңиз.

— Ар бир адамдын бир өзгөчө нерсе жасоого мүмкүнчүлүгү бар. Болгону айрымдары комфорт чөйрөсүнөн чыккысы келбейт. Билим алалы, өзүбүздү өнүктүрөлү, изденели.

— Маегиңизге рахмат!

Cүрөттөр Назгүл Жаңыбаеванын жеке архивинен алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты