17-мартта Бишкекте жылуулук берүү токтотулат
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында жылытуу мезгили 2025-жылдын 17-мартында аяктайт.
Тиешелүү буйрукка шаар башчысы кол койду Айбек Жунушалиев кол койгонун борбордун мэриясы блдирди.
Маалыматта айтылгандай, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Бишкек шаарынын «Электр станциялары» ААКсынын Бишкек ЖЭБ жана Бишкек жылуулук энерго филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлгөн.
Агулак көмүр кени муниципалитеттин балансына өткөрүлүп, ЖЭБдин от казаны жана турбиналык жабдуулары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, ошондой эле №3 жана №4 энергоблоктор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Жылытуу мезгилинде бардык жылуулук менен камсыздоо системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүн болду. Бишкек ЖЭБинин электр кубаттуулугу 450 МВт, ошондой эле 100 МВтка жакын энергия запасы болгон.
Мындан тышкары 30 откана «Бишкекжылуулукэнерго» балансына өткөрүлүп, анда кыска мөөнөттө реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулугу 15,5 МВт жакын казан жабдуулары ишке киргизилди.
Күйүүчү май (топливо) 600 миллион сомдон ашык унөмдөлдү. Ошол эле учурда көмүрдүн салыштырма чыгымы 400 граммдан 200 гр чейин саатына 1 кВт кыскарган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан