17-июнда Бишкектин бир катар райондорунда ичүүчү суу берүү токтотулат
- 12 месяцев мурун
Бишкекте эртең, 17-июнда, саат 09:00дөн 20:00гө чейин бир катар турак үй жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерине суу берүү токтотулат
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Суу берүү убактылуу токтотула турган объекттер:
“Чыгыш -5”, № 23, №24, № 25, №26, №55 турак үйлөрү, Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү “Фаст-фуд”.
Суу берүү авариялык абалды жөнгө салуу жана суу түтүгүн алмаштыруу иштери менен байланыштуу.
“Бишкек суу канал” мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүе кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




