​Өзгөчө оор кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарган судья Сулайманова кызматтан бошотулду

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы кызматынан бошотуу жарлыгына кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясы Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунушу менен Президентке кайрылган.

Судья Сулайманова баңгизатка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган кишинин кылмыш ишин кароосунда, иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, соттук экспертиза корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон.

Жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды.

Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка кириптер кылуу менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилген.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген.

Айнура Сулайманова 8-январда зордуктоо жана ээнбаштык беренелери менен шек саналып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү делген «Казак» аттуу каймана аты бар Умар Маратовду үй камагына чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты