Кыргызстанда виза толтуруунун жаңы тартиби ишке киргизилди

  • 5 лет мурун

2020-жылдын 15-январынан тартып Кыргызстанда виза толтуруунун жаңы тартиби ишке киргизилди.

Бул тууралуу тышкы ишгтер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

2019- жылдын 31-декабрында виза толтуруунун жаңы тартиби тууралуу өкмөттүн токтому чыккан.

Жаңы виза тартиби инвестициялык жана туристтик дараметти көтөрүүгө багытталгандыгы айтылат. Анын ичинде тоо туризми боюнча виза бар. Ошондой эле этникалык кыргыздардын жана мурдагы мекендештердин өлкөгө кирип-чыгышын жеңилдетиш үчүн жаңы виза түрлөрү киргизилген.

«Туугандар визасы» («Relatives visa») – бир жылга чейинки мөөнөттө туугандарына каттоо же үй-бүлөсү менен бирге болуу үчүн берилет;

— «Мекен виза» («Meken visa») –бир жылга чейинки мөөнөткө берилет. Бул виза этникалык кыргыздарга, Кыргызстанда төрөлгөндөргө берилет. Бул визаны алгандар кайрылман макамын алууга же жашап туруугу уруксат алууга мүмкүнчулүк алат.

«Мейман виза» («Guest visa») – Кыргызстандын жарандары досторун же медициналык жардам алууга муктаждарды чакыртып ала алат.

Кыска мөөнөттүү (1 айдан 3 айга чейин) жана узак мөөнөттүү визаны (3 айдан бир жылга чейин) “Электрондук виза” системасы аркылуу жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгү аркылуу ала алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты