​Алмазбек Атамбаевге таандык болбогон айрым мүлк камактан чыгарылды

  • 4 года мурун

Аскер прокуратурасы документтерди иликтеп жана тергөөнүн иш-аракеттерин текшерип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык деп камакка алынган айрым мүлктү ага таандык болбогонуна байланыштуу камактан чыгарды.

Бул тууралуу баш прокуратура билдирди.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын айлык акы эсеби камакка алынбаганы кабарланды.

13-августта ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан криминалдык төбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөө учурунда, материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу өкүмүн аткаруу максатында Алмазбек Атамбаевдин жана анын туугандарынын 135 мүлк объектиси камакка алынган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка алынган.

Алмазбек Атамбаевге бир катар оор жана өзгөчө кылмыштар боюнча айып тагылууда.

Сүрөт: Инт ернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты