Трамп Ирандын маданий мурастарына сокку уруу жөнүндөгү пикиринен кайтты

  • 4 года мурун

АКШ президенти Дональд Трамп шейшембиде журналисттерге эл аралык укуктарды сактай турганын, Ирандын маданий мурастарына каршы сокуу урбай турганын жарыялады.

Мындай жол менен Трамп бир нече күн мурун жасаган билдирүүсүнөн баш тартты.

Өткөн ишембиде Трамп АКШ Ирандын 52 имаратын бутага алганын, алардын арасында маданий объекттер да бар экенин айткан. Президент эгер Иран АКШ жарандарына же мүлкүнө кол салса, жогорудагы имараттарга чабуул жасала турганын эскерткен.

7-январда АКШ коргоо министри Марк Эспер менен мамлекеттик департаменттин башчысы Майк Помпео журналисттерге кайрылып, Вашингтон “согуш мыйзамдарын” сактай турганын айтышкан.

Трамптын айланасындагы кишилер маданий мурастарга сокку уруу аскердик кылмыш болуп эсептелерин жакшы түшүнүшкөн.

АКШ президентинин опузасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө сынга алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты