Жаңы жыл түнү коомдук унаа түнкү саат 2-3 кө чейин иштейт
- 5 лет мурун
31-декабрдан 1-январга караган түнү Бишкек шаарында 8 автобус, 8 троллейбус жана 700 дөн ашык микроавтобус иштейт.
8 троллейбустук багыт боюнча саат 22:00дөн баштап борбордук аянттан төмөнкү багыттар боюнча иштейт:
№2 Аянт – Аламүдүн-1;
№4 Аянт — Булгаары заводу;
№7 Аянт – Туңгуч кичирайону;
№8 Аянт – «Ак-Өргө» жаңы конушу;
№10 Аянт — Асанбай;
№14 Аянт – Жал кичи району;
№14 Аянт — Киркомстром;
№17 Аят –Асанбай кичи району, Карла Маркс көчөсү аркылуу.
1-январда 74 троллейбус атайын расписание менен иштеп, саат эртең мененки 8:00 ден кечки 20:00 гө чейин иштейт.
№7, 38, 42, 36 багыттагы муниципалдык автобустар түнкү саат 3: 00 чейин иштейт.
Маршруттук каттамдар: № 103, 136, 225, 243, 199, 143, 219, 129, 135, 210, 222, 224, 227, 260, 104, 170, 216, 139, 164, 179, 212, 240, 258, 185, 269 түнкү саат 2:00 чейин иштейт.
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.