Суракматов: «Футбол борборун курууга жер бөлүүнү мыйзам чегинде карайбыз» (Видео)

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов футбол аянтчасын куруу боюнча жер бөлүү маселесин комментарийледи.

-Биздин шаарда футболдун фанаттары, күйөрмандары абдан көп. Футбол борбору шаарга керек. Бирок бул маселени мыйзамдын чегинде карайбыз, -деди мэр.

Андан ары Азиз Суракматов буларды белгиледи:

-Сиздер билгендей, 2018-жылы жер тилкесин берүүгө тыюу салынган. Мен Бишкеккке мэр болуп келгенден бери бир дагы жер тилкеси берилген жок.

Кыргызстандын футбол федерациясы жеке структура болуп эсептелет. Эгер аларга жер тилкеси бөлүнүп бериле турган болсо, бул мыйзам бузууга жатат. Биз ал маселеси башкы планга өзгөртүү киргизүү жолу менен чечмекпиз. Башкы план боюнча ал жакка футбол аянтын куруу каралган эмес. Башкы планда «спорт аянты» деп көрсөтүлүш керек. Биз өкмөт аркылуу бул маселени көтөрүп чече алабыз. Ал үчүн процедуралык маселени иретке келтириш керек. Биз бул жаатта иштеп жатабыз. Футбол федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Ошондуктан бул маселе ачык бойдон, -деди Суракматов.

Ошондой эле Суракматов 31-декабрга чейин жер бөлүнбөсө, стадион курууга бериле турган 10 млн доллар грант күйүп кетет деген билдирүү боюнча да пикирин айтты.

-Жер тилкеси 31-декабрга чейин бөлүнүп берилбесе, 10 млн доллар күйүп кетет дегендерге биз ал айткан сөздөрдү тастыктоочу документ сурасак, андай документ жок болуп чыкты. Алар жер участогун алып, андан кийин грант сурап кайрылмак болушкан.

Ошондой эле футбол федерациясына 2003-жылы Бишкек мэриясынын №374 токтому менен Медеров,1 дареги боюнча ( Алматы көчөсү менен кесилишинде) 4 гектарга жакын жер берилген. Азыр ал жер — алардын менчигинде.

Бизде дагы 15 федерациянын жер бөлүп берүү боюнча арызы турат. Хоккей, күрөш, чоң теннис ж,б. Ал маселелерди да карап жатабыз. Биз спорттун бардык түрүнө бирдей мамиле жасашыбыз керек. Ошондуктан бул маселени ультиматумсуз, жумушчу ыргагында чечели деп жатабыз -деди Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. (Толугураак видеодо)

Бишкек шаар кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясы футбол борборун куруу боюнча мэр Азиз Суракматовго ишенбөөчүлүк билдирмек болушкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты