​Албек Ибраимовдун конфискацияланган мүлкү (Тизме)

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун өкүмү менен үй-мүлкү конфискацияланып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кубанычбек Кулматов 5 млн сом айып төлөө менен сот залынан бошотулган.

Конфискацияланган мүлкү:

Башкы прокуратура кабарлагандай, Албек Ибраимовдун аялы Айнура Танкеевна Ибраимовага катталган Чүй облусундагы 147 жер участогу концискацияланды.

Ошондой эле:

2014-жылы чыгарылган «Тойота-Рав4»машинасы;

— «Мурас» дыйкан чарбасы;

— Арашан айылындагы 3 дача;

«Уздар Трейд» ЖЧК;

-«Евразия сактык банкы» ЖЧКдагы уставдык капиталдын 9,98677 % үлүшү, жалпы суммасы 29 миллион 960 миң сом, (реестр кармоочусу «Реестр Сервис» ЖЧК жана Назира Аширахманова;

-«Евразия сактык банкы» ЖЧКдагы уставдык капиталдын 9,98677 % үлүшү, жалпы суммасы 29 миллион 960 миң сом, (реестр кармоочусу «Реестр Сервис» ЖЧК жана Кубанычбек Карагулов);

«Күнөстүү жээк»-«Солнечный берег» пансионаты боюнча Албек Ибраимов 82 млн 750 миң 556 сом чыгымдын ордун толтурду. Ал каражат мамлекеттик мүлк фондуцна өткөрүлүп берилди.

-«Дастан» ишканасына товар сатып алуу боюнча 21 млн 977 миң 283 сом мамлекеттин эсебине чегерди.

-«Калыс Ордодо» мектеп куруу боюнча Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Сталбек Өмүрканов, Кубат Шаршекеев, Сейиткан Алиевден 94 млн 864 миң 180 сом өндүрүлөт.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту соңуна чыкты.

Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Кубанычбек Кулматов 5 млн сом айып төлөө жазасын алды, эркинен ажыратылган жок. Сталбек Өмүрканов, Сейтикан Алиев, Кубат Шаршекеев айып төлөтүлмөй болуп, сот залынан бошотулду.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда коррупцияга жол бергендиги боюнча шектелип айыпталган.

Албек Ибраимов «Дастан» компаниясын жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелген.

Бул иштер боюнча бардыгы 14 киши сурак берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты