Экс-мэрлер соту соңуна чыкты: Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Кулматовго айып салынды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту соңуна чыкты. Өкүм угузулду.

Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды.

Кубанычбек Кулматов 5 млн сом айып төлөө жазасын алды, эркинен ажыратылган жок. Сталбек Өмүрканов, Сейиткан Алиев, Кубат Шаршекеев айып төлөтүлмөй болуп, сот залынан бошотулду.

Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовдун үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратууну сураган

Айыптоо А. Сасыбаевага, Б. Мырзабековго жаза бербөөнү, Р. Макенов, У. Мурзанов, А. Түлөбердиев, Д. Яковлев, Б. Турусбеков, А. Гүлжигитов, С. Өмүрканов, К. Шаршекеев, С. Алиевди эки жылга эркинен ажыратууну сураган.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда коррупцияга жол бергендиги боюнча шектелип айыпталган.

Албек Ибраимов «Дастан» компаниясын жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелген.

Бул иштер боюнча бардыгы 14 киши сурак берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты