​Айыптоонун күбөлөрү Текебаев менен Чотоновдун сотуна келүүдөн баш тартышты

  • 4 года мурун

Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу өтүп жаткан сотко мамлекеттик айыптоонун күбөлөрү келбей калды, алар сотко келүүдөн баш тартышкандыгы белгилүү болду.

Мамлекеттик айыптоонун Өмүрбек Абдрахманов, Азат Базаркулов сыяктуу күбөлөрдүн отурумга келүүдөн баш тартышына коомдук-саясий кырдаалдын өзгөргөнү негизде катары айтылды.

Бүгүн, 23-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишине байланыштуу кезектеги отурум болду.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген. Мурдагы чечимдерди жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта, Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. .

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сүрөт: Искен Афиджанов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты