​Кыргызстандагы маданият: министрлер алмашат, мамлекеттик саясат алмашпайт

Бишкектеги Феминнале менен байланышкан чыр өлкөнүн маданият тармагынын түпкүрүндө системалуу түрдө чечилбей келе жаткан көйгөйлөр бар экенине көңүл бурдурду.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде “Багуучулар. Экономикалык эркиндик. Аялдар” феминналесинин ачылганына эки жумадан ашык убакыт өттү. Көргөзмөгө дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 50дөн ашык арт-чеберлер катышты. Бул иш-чарадан улам чатак чыгып, музейдин жетекчиси Мира Жангарачеваны жумуштан кетиргенге чейин алып келген көргөзмө, албетте, баарынын эсинде калары талашсыз.

АКИpress маалымат булагына ал маек берип, кызматтан кетүүнү Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “суранганын” айтты:

“Ал кырдаал курчуп турат деп айтты. Мен болсо өзүмдүн кызматкерлеримдин коопсуздугун ойлоп ушул чечимди кабыл алдым. Бирок бул нерсе ушундай чечимди кабыл алып, аткарууга мажбур кылгандардан коркконумдан же алардын саясаты менен макул болгонумдан эмес. Мен бул кадамга музейди сактап калуу үчүн жана дагы кызматкерлердин коопсуздугу үчүн гана бардым. Себеби, алар өздөрүнүн зордукчул аракеттери менен, өрттөп, сабап, бардык нерсеге барышы мүмкүн болчу”.

Жангарачеванын сөзүндөгү “алар” – феминнале сезимдерине тийишкен салтчыл-активисттер. Баарынан дагы даниялык Julie Savery’нин перфомансы эң көп ачууларына тийди:ал жылаңач чыгып басып келип, жай баракат отуруп кийинди, муну менен ал секс-жумушчуларынын укугунун корголбой жатканына коомчулуктун көңүлүн бурдургусу келген.

Жыйынтыгында активисттер бийликти экспозицияларды цензуралоого мажбурлашты. Атайын түзүлгөн комиссия феминналенин эмгектерин карап чыгып, айрымдарын көргөзмөдөн алып салды.

Көргөзмөгө болгон көз караштарын Жогорку Кеңештин айрым депутаттары дагы билдиришти. Парламент жыйынында “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Махабат Мавлянова жылаңач аялдардын катышуусу менен өткөрүлгөн акция кыргыздардын улуттук салтына жана менталитетине туура келбей турганын айтып чыкты. Аны менен катар эле эл өкүлү бул иш үчүн Маданият, маалымат жана туризм министринин жоопкерчилиги каралышы керек деп билдирди.

Бирок бул сунуштун актуалдуулугун жоготуп 9-декабрь күнү маданият министри Азамат Жаманкулов салтчыл-активисттер уюштурган акцияны колдоп чыкты.

Улут укуктан жогорубу?

Жылаңач чечинген феминналеге каршы жарандык активисттер он чакты улуттук кийимдерди кийинген аялдарды автобуска салып алып шаарды айланып чыгышты. Автобустун ичинде алар өсүп келаткан муунду тарбиялоодогу көйгөйлөр, азыркы кыргызстандыктардын тышкы көрүнүшүн талкуулашты. Бул аракетти алар «Белгилүү маршрут. Укуктан биринчи улут турат» деп аташты.

Автобус өз жүрүшүн кыргыз драмтеатрынын жанынан баштады, ал жерге маданият министри Азамат Жаманкулов келип активисттер менен учурашты.Анын пикиринде, акыркы учурларда коомдо негативдүү окуялар көп болуп жатат, ошондуктан кыргыздар өзүнүн салтын жана баалуулуктарын сактап калуу үчүн баары чогуу аракет кылышы керек. Министрдин айтымында, кыргыздар салттык маданиятын сактоо менен дүйнө маданиятына кошула албайт деген талаштарга негиз жок.

Министр акциянын катышуучуларынын активдүү жарандык позициясына жана кыргыз маданиятын популярдуу кылууга салым кошуп жатышканына ыраазычылыгын билдирди.

Саясий серепчи Марс Сариев феминналеге болгон реакция күтүлгөн эле нерсе болчу жана бул жерде дүйнө тааным чоң роль ойноду. Феминналенин уюштуруучулары европалык жана либералдык баалуулуктар менен өскөн шаарда жашаган орус тилдүүлөр, ал эми салт менен тарбиялангандарда бул кескин реакцияны пайда кылды.

“Ошондуктан митингдерде бекеринен “балконскийлер” (көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар – ред.) менен “жертамскийлерди” (жер тамда өскөндөр – ред.) салыштырып жатышат да. Бул жерде эки дүйнө таануу концептинин карама-каршылыгы мыйзам ченемдүу эле нерсе”, — дейт Сариев.

Анын айтымында, маданият министрлигинде “тажрыйбалуурак”адам болгондо бул көрүнүш болмок эмес.

Бул кырдаал боюнча маданият таануучу жана коммуникациялар боюнча адис Елена Воронинанын пикири башкачараак. Анын пикиринде бул билимдин жана сын ой-пикирдин жетишсиздигинин жыйынтыгы.

«Альтернативаны жок кылган бардык күчтөр башаламандыкты уюштуруп, адамдын кадырын тебелейт. Алар коркутуу, цензуралоо, талкалоо сыяктуу аракеттерге барат. Маданият министри мындай күчтөрдүн басымынын астында калып, алардын айтканы менен болуп мамлекеттик башкаруучу катары өзүнүн чабалдыгын көрсөттү. Бул нерсе коркутуудан дагы коркунучтуураак”, — дейт Воронина.

Аны менен катар эле маданият министри феминналени цензуралап, өлкөнүн Башмыйзамын бузду.

37-берене.

  1. Кыргыз Республикасында адамдардын укуктары менен эркиндиктерине доо кетирбеген элдик салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.

49-берене.

  1. Ар бир жаранга адабий, көркөм, техникалык жана башка чыгармачылыктын, окутуунун түрлөрүндө эркиндик берилет.
  2. Маданий жашоого катышууга жана маданияттын баалуулуктарынын жеткиликтүү болушуна бардыгы укуктуу. Мамлекет тарыхий эстеликтерди жана адабий мурастарды сактоону камсыз кылат.
  3. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот.

“Оңчул радикал адам мыйзамдарды билбеши мүмкүн, бирок мамлекеттик кызматкер маданий укуктарды коргогон мамлекеттин мыйзамдары менен катар эле эл аралык мыйзамдарды дагы билүүгө милдеттүү. Салтты шылтоолоп жек көрүүчүлүктү, зомбулукту карманган өзүнүн эрежесин аткартууну каалаган оңчул радикалдардын айтканы менен болгон министр мыйзамдын иштебей турганын, өзүмбилемдикке салып, эл аралык аренада республиканын имиджин түшүрдү”, — дейт Воронина.

Кыргызстанда маданий маселелер боюнча чатак биринчи жолу чыгып отурган жок.

Мумияны кайра көмүү

2017-жылдын октябрь айында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын Тарых музейинде сакталган мумияны кайра көмүү чечимин кабыл алган. Мекеме бул чечимин мумия музейде 60 жылдан ашык убакыттан бери турганын, бирок аны изилдөөчү атайын жабдыктардын жана антрополог-адистердин жоктугунан улам изилденбей турганы менен байланыштырышкан.

“Мумия жок болуп кетпеши үчүн атайын бальзамдаган процедуралар жасалып турушу керек болчу, адистердин жана каражаттардын жоктугуна байланыштуу бул процедуралар жасалбай келген”, — деп билдирген ошол кезде министрликтин маалымат кызматынан.

Мекеме келечекте окумуштуулар бул мумияны изилдөөнү кааласа каалаган учурунда ачып изилдей беришет деп түшүндүрүшкөн.

Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаеванын айтымында, мумия биздин замандын IV-V кылымдарына таандык. Ал түштүк аймагынын климаттык шартына байланыштуу табигый жол менен сакталып калган.

Мумияны көмүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп беришкен, алар болсо Баткен областынын жергиликтүү бийлиги менен биргеликте көмүү процедурасын жасашкан.

Ошондон кийин археолог-окумуштуулар ал кездеги өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылып, ортокылымдарга таандык болгон аял мумия музейге кайтарууну жана музейдин экспонатын көмүү чечимин кабыл алгандарды жоопкерчиликке тартууну суранган.

Окумуштуулар Маданият министрлигинин чечимин вандализмге салыштырып маалымат жыйын өткөрүшкөн. Аны менен катар эле музейдеги экспонатты көмүү чечимин кабыл алган комиссиянын курамында бул тармактагы атайын адистер катышпаганын билдиришкен.

Ал кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков аларга жооп кылган маалымат жыйын өткөрүп кеп мумияда деле эмес экендигин, жөн гана аны кызматтан алууну каалап жатышканын айткан. Ошону менен бирге эле ал мумияны көмүү туура чечим болгонун жана бул оюнан “аны атууга жиберсе дагы кайтпай турганын” билдирген болчу.

“Уяты жок” Зере

2018-жылдын сентябрь айында 19 жашар ырчы Зере Асылбектинклиби коомчулукту будуң-чаңга салды. Ал “Кыз” деген ырына видеоклип чыгарган эле.

Клип социалдык тармактардан тарап колдонуучулардын карама-каршы реакциясын жаратты. Аялдардын укуктары менен эркиндиктери тууралуу бул манифест айрымдарга жакса, дагы башкалары ырдын маанисине эмес, аткаруучунун тышкы көрүнүшүнө көңүл бурушту. Алар кыска юбка, пиджак жана бюстгалтер менен ырдаган кыздын кийимин – өтө эле ачык жана уяты жоктордун кийими деп эсептешти.

Мораль үйрөткөн айрымдар Зерени жок кылабыз деп коркутууга дагы жетишишти. Ырчы кыз белгисиз эркек эгер видеосун өчүрбөсө өлтүрүп таштай турганын жазган скринди чыгарды. Анын атасы Асылбек Жооданбек милицияга арыз менен кайрылууга мажбур болду.

Мындан кийин ИИМдин басма сөз кызматы текшерүү жүрүп жатканын билдирген. Бирок кийинчерээк ырчынын дарегине айтылган коркутуулар боюнча кылмыш иш козгоодон милиция баш тартканы белгилүү болгон.

Мекеменин маалыматына караганда, кыздын клиби үчүн аны өлтүрүүнү убада кылгандардын аракетинде кылмыштын белгилери жок. Бул боюнча административдик чара көрүү боюнча ырчы кыз кайрылган Ысык-Ата РИИБинин коомдук коопсуздук кызматына иштин материалдарын өткөрүп беришкен.

Коомчулук Зеренин клибин талкуулап жаткан учурда БУУнун аялдарга болгон дискриминацияны жок кылуу боюнча комитети “кыз ала качууга жол берип, кысым менен үйбүлө курууга мажбурлоо” сыяктуу адам укуктарына каршы келген иштер жүрүп жатканын айтып Кыргызстандын бийлигин сындап чыкты. Алар укуктук билим берүү жетиштүү болгонуна, кыздар жардам сурап кайрылган учурда дагы, аларды ала качкандар тиешелүү жазасын албай жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Кибертурнир

2019-жылдын башында Бишкекте дагы бир маданий чатак чыккан. Кыргыз борборунда январь айында биринчи жолу Dota-2 компьютердик оюну боюнча таймаш өттү. Бул турнирде чоң приз фонду жана жеңүүчү наамы үчүн 20 катышуучудан турган төрт команда катышты.

Бул иш чара Улуттук опера жана балет театрында өткөнү капысынан эле социалдык тармактардын, ал гана эмес Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын дагы ачуусун келтирди. Алар “ыйык сахнада” кибертурнир өтпөшү керек деген оюн айтышты.

Мындай болбошу керек эле деп акыл үйрөтүп кыргыз ММКлары жазып чыккандан кийин гана «Доте» киберспорттук мелдешине бийлик көңүл бурду.

Бардык нерсе театрдын солисти Таир Бейшеев чемпионаттын жүрүшүн видеого тартып, киберспорттук мелдешти “коркунучтуу иш чара” деп атап интернетке жарыялаганынан башталган.

Кийинчерээк “Апрель” телеканалы “Каякка бара жатабыз?” деген тема менен материалында опера ырчысы Элнура Самарбекованын “Мен шок болдум! Музыка искусствосунун ордосунда компьютердик оюндарды уюштурган жакшыбы?” деген пикирин берди.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын ошол кездеги жетекчиси Болотбек Осмонов актанууга аракет кылды. Ал театрдын имаратын мыйзамдын негизинде ижарага бергенин айтты.

Бирок маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов мындан ары буга окшогон иштерге тыюу салынарын айтып, “маданият мекемелеринде маданий гана иш чаралар өтөт” деп билдирди.

Жыйынтыгында Болотбек Осмонов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Бирок ал кетерден мурда театрдын жамааты маданият министрине кайрылып Болотбек Осмоновдун отставкага кетери тууралуу имиштерди угуп, кабатырланып жатканын билдирип,буга жол бербөөнү суранган эле. Ал кайрылууда айрым маалыматтарга таянып, арыз жазууга мажбурланганы менен кабардар болушканын айтышкан болчу.

Искусствонун цензурасыбы?

Маданият таануучу Елена Воронинанын айтымында, Кыргызстандын маданият тармагындагы акыркы болуп жаткан окуялар искусствону мамлекеттин атынан Маданият, маалымат жана туризм министрлиги түздөн түз цензуралап жатканынан кабар берет:

Бүгүнкү күндө оңчулрадикалдык топтордун цензурасына жана вандализм актысына жаңы искусство туш болуп жатат, эртең театралдык көрсөтүү же музыкалык композиция туш болушу мүмкүн.

Анын айтымында, маданият, билим берүү, илим тармагында мамлекеттик саясат болушу керек, бирок азыркы көрүнүшүндөй болбоосу кажет. Мамлекет чыгармачыл адамдарга жакшы гана шарттарды түзүп бериши керек.

«Бүгүнкү күндө сүрөтчүлөрдүн өнөрканалары жок. Мамлекеттик буюртма жок. Көргөзмөлөрдөн эмгектер сатылып алынбайт. Музейлер өзүнүн фондун, коллекцияларын толуктайын десе финансылык каражаттары жетишпейт. Маданиятты каржылоо акыркы кезекке жылдырылып келген болсо, азыр деле ошол бойдон. Маданият министрлери алмашат – бири кетип, экинчиси келет. Бирок маданият саясаты өзгөргөн жок”, — дейт ал.

Социолог Рейна Артурова салтчыл активисттердин чагымчылдыгы жоопкерчиликсиз калып жатканынын себеби, бул багытты карманган активисттер коомдогу башка олуттуу көйгөйлөрдөн элдин көңүлүн алаксытып, бийликке жардам берип жатканынан улам деп эсептейт.

“Башкаруучуларга ушундай аларга жан тарткан, идеологиясын жайылткан, либералдык жана демократиялык идеяларга каршы чыккан деструктивдүү уюмдардын болгону жакшы. Мындай уюмдарды бийлик билмексен эле болуп койгон жок, аларды колдоп жатканы турган иш. Андай болбосо алиге чейин парламентте маселе көтөрүп, кандайдыр бир билдирүү жасашмак”, — деп ишенет социолог.

Анын пикиринде, мындай учурда ар бир жаран өзүнүн позициясын так түшүнүп, аны жөнөкөй ыкмалар менен түшүндүрө алышы керек.

“Биздин көпчүлүгүбүз нааразы болуп жаткандан кийин аны көрсөтүү үчүн катышышыбыз керек. Өз укугубузду пайдаланып, бийликке бар экенибизди билдиришибиз зарыл. Биз жөн эле үйдө отурбай, чыкканга даяр экенибизди көрсөтүп, алардан жоопкерчиликти талап кылышыбыз керек. Демократиянын рейтингинде биринчи катарда турган өлкөлөр дагы ушул сыяктуу процесстерден өтүшкөн, чатакты тынчтык деңгээлинде, талаш, талкуулардын деңгээлинде сактоо маанилүү”.

Александра Василькова

Бул материалIWPRдын «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты