Ооганстандагы жер титирөө Кыргызстандын түштүгүндө да сезилди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 20-декабрда саат 17:39да Афганистан аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында 2,5-3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Муну бөлүшүү