​Кыргыз-кытай мамилелеринин тоо-кен тармагынын мисалындагы маданий аспектиси

Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы чыр-чатактардын негизги факторлорун айтканда экологиялык, социалдык-экономикалык, саясий жана башкаруу себептери айтылат. Бирок, бул чыр-чатактар терең цивилизациялык факторлордун ачыкка чыгышы деген пикирлер дагы бар, тагыраак айтканда, кыргыз-кытай мамилелердин айырмасы. Баалуулук-дүйнө тааным боюнча көз караштардын эки башка экендиги практикалык чөйрөдө көрүнүп жатат, азыркы мисалда минералдык ресурстарды иштетүүдөгү карама-каршы мамилелерде.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Кыргызстанда тоо кен тармагы өндүрүш тармагында дагы, жалпы улуттук экономикада дагы алдыңкы орундарда турат. Ал Кыргызстандын ИДПсынын 8,5%ын, өндүрүш өнөр жайынын жана өлкөнүн экспортунун 50%дан ашыгын, салыктардын 15%дан ашыгын түзөт.

Мамлекет өзүнүн пландарында өлкөнүн кен байлыктарын казууга өзгөчө көңүл бурат, айрыкча, баалуу металлдарды тыштан карыз тартуунун катарында эле негизги булак катары эсептейт.

Негизги стратегиялык документ – Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата улуттук өнүгүү стратегиясында(Глава 3. Бөлүм 3.3 “Өнүгүүнүн приоритеттүү тармактары. Өлкөнүн өнөр жай потенциалы”) төмөнкүлөр айтылат:

«Кен байлыктарды иштетүү өнүгүү үчүн финансылык ресурстарды калыптандырууну камсыз кылуусу керек. Кендерден түшкөн акчалар азыркы проблемаларды гана чечүүгө, экологияны өнүктүрүүгө жумшалбастан, стратегиялык максаттарга дагы жумшалышы керек.

Капиталды калыбына келтирүү фонду түзүлүп, ал каражаттар келечекти өнүктүрүүгө,инновацияны өнүктүрүүгө, технологияны өнүктүрүүгө, бизнестин, экономикасын, маданияттын жана башка тармактардын инновациясын өнүктүрүүгө багытталышы керек.

Баалуу металлдарды казган компаниялардын көбү чет элдик капиталдын катышуусу менен, анын ичинде кытайдык капиталдын катышуусу менен түзүлгөн. Азыркы учурда Кыргызстанда 111 компания чет элдик компаниянын катышуусу менеништеп жатат, алардын 26сы ири жана орто категорияга кирет.

КРнын жаңы тарыхында тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгү социалдык протесттердин жана өлкөнүн калкынын нааразычылыгынын, айрыкча, кен иштетилип жаткан аймактардын жашоочуларынын себеби болуп келе жатат. Өзгөчө 2010-жылдардын башынан тартып күчөдү.

Мындай нааразычылыктардын бат-баттан болуп турганы Кыргызстандагы кен-байлыктарды иштетүүдөгү проблематиканын актуалдуулугун көрсөтүп турат.

Кытай тоо-кен компанияларынын мисалында болсо бул маселе Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерге таасир этүүчү дагы бир фактор болуп калды.

Болуп өткөн инциденттердин себеби катары көп учурда экологиялык, социалдык-экологиялык, саясий жана башкаруу себептер айтылууда. Биздин оюбузча, бул чатактардын түпкү себептери цивилизациялык факторлордо жатат, тагыраак айтканда, кыргыз жана кытай маданияттарында.

Калыптанып калган баалуулук-дүйнө тааным көз караштарынын эки башка экендиги иш алып баруунун чөйрөсүндө ачыкка чыгат, бул мисалда минералдык ресурстарды эксплуатациялоо маселесинде көрүнүп турат.

Бул макала кыргыз жана кытай маданиятынын көз карашынын айырмасын аналитикалык салыштырууга, аны менен катар алардын Кыргызстандагы кытай инвестицияларынын практикасына тийгизген таасирине арналат.

Эки элдин окшоштугу жана айырмачылыктары

Бул же тигил элдин дүйнө кабылдоосу анын маданиятында, анын ичинде эпостордо, фольклордо жана философиялык ойлордо эң мыкты чагылдырылган. Кыргыз жана кытай элинин баалуулуктары жана дүйнө таанымдарын салыштырууда аларды үч негизги багытта караган туура, тагыраак айтканда, мейкиндикке (табигатка), убакытка жана бийликке болгон мамилелери боюнча кароо керек.

Табигатка болгон мамиле

Типологиялык жактан алганда кыргыз дагы, кытай дагы маданияты табиятты негизги нерсе катары кабылдайт. Табигат бардык тирүүлүктүн фундаменталдык биримдигин бекитип, өзүнө дүйнөлүк түзүлүштүн рухий жана материалдык принциптерди айкалыштырат. Адам дагы дал ошол бүтүн табигаттын бир бөлүгү болуп саналат жана кыргыздарда дагы, кытайларда дагы табигат менен жуурулушуп жашоо деген түшүнүк бар. Бирок, муну менен катар эле айырмачылыктары дагы бар.

Азыркы кыргыз коомчулугунун негизги бөлүгү (2/3) айылдык, агрардык болуп саналат. Турмуш-тиричилиги, байлыгы табигый чөйрөнүн абалы менен түздөн түз байланышы бар – жайлоолор, дарыялар, токойлор, мөңгүлөр, өсүмдүктөр ж.б. Айыл жергесиндеги калктын дүйнө таанымы салттык болуп эсептелет.

Кыргыздын табигатты негиз кылган салттык маданиятына ылайык, бут дүйнө түздүктө горизонталдык сызыкта жайгашкан. Дүйнөнүн түздүк прициби табигый формалардын бардыгы метафизикалык жактан алганда тең.

Адам менен курчап турган чөйрөнүн ортосундагы мамиле бири-бирине болгон ишенимдин жана бирин бири толуктоонун негизинде түзүлгөн. Адам баласы табигаттан же башка жашоонун формаларынан өйдө коюлган эмес. Ал жалпы дүйнөлүк түзүлүштүн бир бөлүгү катары эсептелген. Мына ушундан улам кыргыз коомчулугу табигатка этикалык мааниде, рухий өзгөчө аяр мамиле жасаган.

Кыргыздарда башынан эле табигатты: жайлоолорду, дарыя жана көлдөрдүн сууларын, жаныбарлар жана өсүмдүктөрдү пайдалануунун катуу нормалары болуп келген. Адам баласы табигаттын бир бөлүгү катары анын фундаменталдык мыйзамдарын аткарышы керек деп эсептелген.Мына ошондуктан, адам баласы бул нормаларды бузса, ага жооп берери айтылат. Буга бир мисал катары, табигатка аяр мамиле кылуу принцибин бузуп, бул үчүн өз жазасын алган Кожожаш мерген тууралуу легенданы айтсак болот.

Фото:kabar.kg

Айлана-чөйрөгө өзгөчө мамиле кылуунун кыргыздын салттуу маданиятында маанилүүлүгү жаратылыш сөзүнүн келип чыгышында эле жатат. Табигат деген сөздүн бир мааниси жаратылыш, жаратуу этишинен келип чыккан. Муну менен табигат, жаратылыш деген Кудайдын жаратканы дегенди түшүндүрүп турат.

Кыргыздардын космостук негиздеринин бири бул эч нерсе өтпөс асман принциби, бул дүйнөнүн эң акыркы чегин белгилөөчү метафизикалык чек.

Аны менен катар жерди катуу, эч нерсе өтпөгөн деген элестетүү болгон, жердин эң акыркы катмарында ыйык энергиялар, күчтөр бар деп кабылданган. Ошондуктан бул нерсени антропогендик ишмердүүлүк менен тынчын албоо керек болчу, тагыраак айтканда, кендерди казып, ошону менен бирге эле жердин астынан чыккан нерселерди тамакка кошуу дагы жактырылган эмес.

Табигатты бардык нерсенин негизи эсептеген кыргыз салттык маданиятынын алкагында адам баласынын миссиясы менен ролу табигатты сактап, табигый тартипти рухий жактан кайра жаратуу.Мына ушундан улам табигат менен мамиле кылууда оптималдуу вариант катары көчмөндөр жашоо образы келип чыккан. Кыргыздар башынан эле табигатка аяр мамиле кылуу керек деп эсептеген, аны менен катар бул нерсе элди ынтымакка бириктирип турган.

Ал эми кытай маданиятында такыр башкача дүйнө түзүлүшү кабылданган.

Табигый өлчөмдөрдүн жана формалардын башында өзүнө эң жогорку ыйыктуулукту камтыган улуу онтологиялык дао принциби турат. Дал ошол дао дүйнө түзүлүшүнүн архитектурасын бекитет.Кытай маданиятындагы “Дао дэ цзин” жазууларында кала берсе “улуу асман дагы Даону ээрчийт” деп жазылган. Мына ушул жактан уюштуруунун иерархиялык ыкмасында кыргыздардынгоризонталдуу форматынан айырмаланып, кытайлардавертикалдуу принцип болгонун билсек болот.

Кытайларда ыйык даонун болушу табигаттын пайда болуусундагы ырым-жырымдарды алып таштайт. Кытай дүйнөсү табигаттан жогору турган дао менен натуралдык дүйнөнүн балансынан турат. Ошондуктан, кытай салттык маданиятында табигат антропогендик жол менен туура симметрияга келтириле берет. Кайра түзүү процесси катаал мүнөздө өтүп, дыйкандардын талаасынан тартып, Кытайдын административдик системаларынан бери формалары өзгөрүлөт.

Фото:worldi.ru

Кытай дүйнө таанымында табигат четте калбайт, бирок ал антропогендик жол менен туура формага келтирилип, дүйнөгө кошулганынын негизинде гармония түзүлөт. Буга мисал катары Улуу Юе тууралуу архетипикалык мифти айтсак болот, ал ашып-ташкан сууну кыскартып, кытай цивилизациясын баштаган деп айтылат.

Бул кытай маданиятынын технократтык мүнөзүн алдын ала аныктаган, буга ылайыкталып кийин Улуу Кытай каналы жана Улуу Кытай сепили сыяктуу чоң инфраструктуралар курулган. Мындай технократизм менен кытайлар бүгүнкү күндө дагыиндустриалдык чечимдерди жана долбоорлорду кабыл алып, экологияга каршы аракеттерди көрүп дүйнө жүзүн таң калтырып келет.

Кыргыз жана кытай дүйнө таанымдарында тоолор өзгөчө орунду ээлешкен. Кыргыздардын ишенимдеринде жана кытайлардын даоцизминде тоолор асман менен жерди бириктирген чекит катары ыйык эсептелген. Бирок, бул жерде дагы айырмаланган көз караштар бар.

Кыргыздарда, тоодо жашаган этнос катары, ар бир тоолуу аймак ыйык жер болуп саналган. Кыргыз уруулары жашаган тоолорду улуу нерсе катары атаганынан билсе болот: Теңир-Тоо, Ала-Тоо, Алтай. Азыркы кыргыз ойчулу С.Абдрасуловдун айтымында, “көчмөн-кыргыз үчүн тоо деген бул жогорку күч менен байланыштырган нерсе”.

Кытайларда болсо ыйык тоолору чань-буддизм менен даосизмде бааланган беш улуу тоо менен бүткөн (Тайшань, Хуашань, Хэншань эки тоосу, Суньшань). Бул тоолорго кытай императорлору зыярат кылып, садага чабуу иштерин жасаган. Мындай чектөөлөр калган тоолор ыйык эмес,антропогендик аракеттер менен өзгөрүүгө дуушар болсо боло берет деген маанини берген. Бул нерсени өз айылына баруучу жолду тосуп калган тоону жылдырып койгон Юйгун абышка-дыйканы тууралуу уламыштан билсек болот.

Демек: Мындай дүйнө таанымдын айырмачылыгы барда, албетте, кыргыздар менен кытайлар тоо-кен тармагына эки башка көз караш менен карашат.

Кыргыз айылдары иштетилип жаткан тоо-кендерин, анын ичинде кытайлар иштетип жаткан кендерди, ыйыктабигат талкаланып жатат деп кабылдашат. Айрыкча, бул тоо-кен компанияларынын орой ыкмалар менен табигатты – тоолорду, мөңгүлөрдү, дарыялардын агымынкатуу өзгөрүүгө дуушар кылуу жолдору менен казылып алынып жаткан кендерде нааразычылык чыгууда. Ушул себептен улам өзүнүн келип чыгуусун чактоо маселеси катары карап тоо-кен иштеткен компанияларга жергиликтүү элдин сөзсүз түрдө нааразычылыгы болот.

Кытай маданиятында болсо табигатты өзгөртүү, тескерисинче, формасы жок нерсени жакшы формага салып, адамдын жашоосун жакшыртуу үчүн колдонуу катары санайт. Ошондуктан, кытай инвесторлору эмне үчүн жергиликтүү эл каршы чыгып жатат деген логикалык суроону беришет.

Убакытка болгон мамиле

Табигатты негизги нерсе катары эсептеген кыргыз жана кытай салттуу маданиятында убакыт мейкиндикке баш ийген мүнөзгө ээ. Ал өз алдынча жүрө албайт. Убакыт түз багытта эмес, циклдүү иштейт. Муну менен бирге эле бул циклдүүлүктүн түзүлүшү жана узактыгы кыргыздар менен кытайларда эки башка.

Кыргыздардын дүйнө таанымында дүйнө менен адамдын ортосунда космостук ажырым болгон эмес. Мына ошондуктан адамдар өзүнүн диний, социалдык жана чарбалык жашоосун табигый циклдердин мыйзамдарына ылайыкташтырган.

Кыргыздарда убакыттын циклдүүлүгү жыл мезгилдери менен дал келген: кыш, жаз, жай жана күз. Убакытты өлчөөчү эң негизги бирдик жыл болуп саналган, андан ылдый мезгилдер, ай, жума жана күндөр болгон. Эң узак цикл – бул 12 жылдык цикл болгон, бул кыргыздардын жашоосунун социалдык ритмин аныктаган. Ар бир 12 жыл “мүчөл” деп аталган. Ар бир кийинки мүчөл сайын адамдын социалдык жоопкерчилиги, статусу, укуктарынын жана милдеттеринин көлөмү өскөн.

Кытайларда табигаттын көзгө көрүнгөн циклдеринен сырткары табигаттан өйдө турган, космостук циклдер бар болгон.

Буга мисал катары кытай тарыхындагы династиялар аркылуу жыл саноону карасак болот, ар бир династия окшош этапты басып өткөн: түзүлүү, көтөрүлүү, гүлдөө, кризис жана кулоо. Бул же тигил династиянын өкүм сүрүшүнө белгилүү “Асман Мандаты” таасир эткен. Башкаруучулар пейилине жараша жогору жактан мандат алып, аны жоготот деп, бул процесстер маанилүү убакыт – жаңы доордун башталышы, эски доордун бүтүшү катары кабылданган. Ошондуктан, убакыт доорлор, миң жылдык, жүз жылдыктар менен саналган.

Демек: Убакытты кабылдоодогу көз караштын эки башка экени дагы таасирин тийгизет. Кытайларда кыргыздарга караганда убакыт узагыраак. Кытайлар өз жумуштарын дагы узак убакытка пландаса, кыргыздар кыска жылдар менен өлчөйт. Өндүрүш тармагында болсо, анын ичинде тоо-кен тармагында дагы бизнес-циклдин узактыгы инвестициялоодон тартып, акыркы жыйынтыктарды алганга чейин көптөгөн жылдар өтөт.Мунун баары кытай инвесторлору менен жергиликтүү элдин ортосундагы түшүнбөстүктөргө, чыр-чатактарга алып келүүдө.

Бийликке болгон мамиле

Кыргыз жана кытай маданиятынын ортосундагы дагы бир олтуттуу айырма катары коомдогу бийликтик мамилелер системасын белгилөөгө болот.

Кыргыздардын социалдык-саясий түзүлүштөрүнүн баарында бийлик элдин колунда болуп саналат. Ошол эле убакта башкаруучу элитанын ролу функционалдуу мүнөзгө ээ болгон жана салттык тартипти сактаган.

Кыргыз социумунун практикалык турмушунда ошондуктан эч бир социалдык топко (династияга) артыкчылык, монополия берилген эмес. Кыргыз коомчулугунун бийлик тобу (элита) элдин арасынан горизонталдык тартипте чыккан. Ханды элдик курултай тандап, убактылуу башкаруу укугун берген. Ошондуктан, бийликтин табиятын, анын легитимдүүлүгүн социалдык-саясий кырдаал аныктаган.

Башкаруучу элитанын болгонуна карабай, кыргыз уруулары жерге, ресурстарга болгон укуктарын сактап калышкан. Башкаруучунун иши элди сырткы коркунучтардан коргоо жана соттук иштердеги ортомчулук менен чектелген. Бийлик деген сөздүн өзү “бий” сөзүнөн, тагыраак айтканда, сот, арбитр, ортомчу дегенди түшүндүрөт.

Элдин калың катмары кандай чечсе, бийлик ошондой гана чечимди кабыл ала алчу. Мына ушундан бийликтин туруктуулугу жана коомдун башкарылуусу көз каранды болчу.

Кытай маданиятында болсо бийлик боюнча тааным такыр башкача.

Кытайлардын космологиялык түшүнүктөрүнө ылайык, башкаруучу (император) мамлекеттин түзүлүшүндө борбордук орунда турат. Император Асмандан мандат алган адам катары, жогортон берилген тартипти аткаруучу болуп саналат. Кытай салтына ылайык, ал Асмандын уулу катары кабыл алынат, анын тегерегине саясий жана диний бийлик биригет. Башкаруучунун милдеттеринин катарына социалдык тартипти аныктоо гана эмес, табигат менен гармонияда болуу үчүн, анын ичинде табигый кырсыктарды жөнгө салуу боюнча дагы мыйзамдарды иштеп чыгуу кирген.

Император борбордун ордун аныктап, анын атын өзгөртүп же башка жакка көчүрүүнү, ыйык ритуалдык ырасымдарды аткарууну, иерархия түзүүнү өз колуна алган. Ошондуктан, бийликтин чечими кытай эли үчүн ыйык болуп эсептелген жана аларды милдеттүү түрдө аткарышкан.

Демек: Кыргыз жана кытай маданиятындагы бийликтин табигатын кабылдоодогу айырма иш жүзүндө Кыргызстандагы кытай инвестициясында дагы көрүнүп жатат. Кытай тарап, тоо-кенди иштетүүгө кыргыз бийлиги уруксат бергенден кийин, бул акыркы чечим,бизнес жүргүзүүгө кепилдик деп кабыл алышат. Кытай тарап бул маселелерди бийлик менен түз сүйлөшүүнү туура көрөт, бул нерсе кыргыздардын салттык маданиятындагы чечим кабыл алууга каршы келет. Практика көрсөткөндөй, ар бир инвестициялык долбоордун ишке ашуусуна жергиликтүү элдин ролу чоң.

Жыйынтык

Дүйнө жүзүндө күндөн күнгө өсүп жаткан экономизация менен юридизация элдердин цивилизациялык негиздерин эске албай жатат. Бул нерсе эки тараптардын ортосундагы конфликтогендик потенциалды өстүрүүдө.

Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы элдин кен иштеткен компанияларына каршы чыкканы буга так мисал болот. Бул макалада кытай компанияларына каршылык тууралуу сөз болгон менен бул башка тоо-кен компанияларына дагы тийиштүү. Акыркы учурда актуалдашкан тоо-кен тармагындагы кытай инвесторлору менен болгон инциденттерден тышкары ушул сыяктуу эле долбоорлор “Кумтор Голд Компани” ЖАК (Канада), “Борбордук-Азиялык уран компаниясы” ЖЧКсы (Россия), “Жерүй” кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” ЖЧКсы (Россия) жана башкалардын тегерегиндеги экологиялык кырдаалдар дагы Кыргызстандын коомчулугунун тынчсыздануусун жаратууда.

Бул макалада көрсөтүлгөн маданияттагы айырмачылыктардан сырткары, Кыргызстандагы тоо-кен тармагында иштеп жаткан кытай компанияларына каршы маанайдын өсүп жатканы дагы эки жагдай менен түшүндүрүлөт.Биринчиден, КРнын Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды иштетүү боюнча мамлекеттик комитет лицензия берген тизмеде башка өлкөлөргө караганда, кытай компанияларга лицензиялар көп берилген көрүүгө болот.Экинчиден, кытай компанияларынын кендерди казуудагы колдонгон нормалар менен стандарттардын деңгээли башка өлкөлөргө караганда төмөн. Айлана-чөйрөнү булгоо боюнча дүйнөнүн өлкөлөрү жана шаарларынын антирейтингин түзгөн дүйнөлүк Numbeo базасынын маалыматына ылайык, Кытай дүйнө боюнча 7-орунду, Азия боюнча 6-орунду ээлейт. Экологиялык эффективдүүлүктүн деңгээли боюнча дүйнөдө Кытай 120-орунду, Кыргызстан 99-орунду ээлейт. Кытай “экологиялык цивилизацияга” өтөбүз деп активдүү иштеп баштаганы менен өлкө айлана-чөйрөнү булгоо боюнча дагы деле лидерлик позицияны бербей келе жатат.

Кыргызстандагы кытай (кеңири алганда – чет элдик) инвесторлор менен көйгөйлөр саясий, экономикалык жана техникалык себептерден башка терең мааниге ээ. Маданий факторлордун ролу биринчи орунда экени так көрүнүп турат.

Азыркы учурда мамлекеттердин (бийликтин) жана Кыргызстандын калкынын тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгүнө кызыкчылыктары менен мамилелери карама-каршы келет. Мамлекеттик органдар кен казууну өлкөнүн экономикасын көтөрүүчү негизги тармак катары баалап жатса, эл аларды иштетүүгө активдүү түрдө карама-каршы чыгып келет.

Бул нерселер КРга чет элдик инвестиция долбоорлорун тартууда өлкөнүн маданий өзгөчөлүгүн эске алышпайт. Кыргызстандагы тоо-кен өндүрүшүнүн келечеги рухий фундаменталдык баалуулуктар менен экономикалык өнүгүүнүн муктаждыктарынын ортосундагы балансты табуудан көз каранды.

Белгилей кетүүчү жагдай, азыркы учурда КР мамлекеттик органдары чара көрүү мүнөзүндөгү гана иштерди алып барууда.

Кыска мөөнөттүү мамиледе жергиликтүү эл, тоо-кен компаниялары жана мамлекеттик бийликтин ортосунда дайыма сүйлөшүүлөр жүрүп тура турган аянтча тузүлүшү керек. Тоо-кен тармагында иштетилип жаткан жерлердеги жаратылышты бузбай тургандай экологиялык ыкмаларды колдонуп жана ресурстарды технологиялык жактан иштетүү керек.

Глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн келечегин, аны менен катар Кыргызстандын элинин этикалык жана баалуулуктардын өзгөчөлүгүн эске алганда, узак мөөнөттүү келечек үчүн мамлекетке экономикалык өнүгүүнүн өтө кымбат жана кыйын эмес жолу керек болот.

Өлкөнүн экономикасы кыргыз коомчулугунун маданий-цивилизациялык өзгөчөлүгүнө негизделиши керек. Табигатка керектөөчү мамиле катары акцент жасалбай, табигатты өстүрүүгө жардам берген чарбалык ишмердүүлүктүн формасы тандалып алынышы керек.

Жашыл экономика модели ылайыктуу вариант болушу мүмкүн, бул нерсе бизнестин, анын ичинде чет элдик бизнестиндолбоорлорунун ылайыктуулугун тандоого жардам бермек.

Жалпысынан алганда инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуудагы Кыргызстандын маданий-цивилизациясынын өзгөчөлүгүн эске алуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жана анын комплекстүү туруктуу өнүгүүсүн көтөрөт.

Бул материалIWPRдын «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды. Макалада айтылган пикир редакциянын же донордун пикирин билдирбейт.

Саламат Джыбыкеев

Данияр Мукамбетов

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты