Аксыда мыйзамсыз берилген жерлер кайтарылды

  • 4 года мурун

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мыйзамсыз берилип кеткен жерлер муниципалдык менчикке кайтарылды.

Бул тууралуу баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кербен шаарынын мэриясынын токтому менен жеке турак жай курулушуна мыйзамсыз берилип кеткен жердин аянты 1,5 гектардан ашык.

Аксы районунун прокуратурасынын аталган токтомду жокко чыгаруу доосу канаттандырылды.

Азыркы учурда 1,5 гектардан ашык жер муниципалдык менчикке кайтарылды.

Кайтарылган жердин баасы 6 млн 328 миң сом .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты