Айыптоо ​Ибраимовду 20 жылга, Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 23-декабрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, ошондой эле Сталбек Өмүрканов, Кубат Шаршекеев, Сейиткан Алиев жана башкалардын кылмыш ишин сотто кароо аягына чыгуу алдында.

Мурдагы эр Кубанычбек Кулматов жарыш сөздө мындай деп сүйлөдү:

«Айыптоо мага 15 жыл сурап жатканын окуганы катуу тийди. Бизге 15 жылдан сурап жатат. Азыр мен 57 жаштамын. 15 жылдан кийин экч кимге керегим жок болом. Андан көрө мени дароо атып салгыла» деди Кулматов.

Албек Ибраимовго жер бөлүштүрүүдөгү коррупциядан тышкары “Солнечный берег” пансионатындагы коррупция боюнча айып тагылууда.

Албек Ибраимовдун үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратууну сурады

Айыптоо А. Сасыбаевага, Б. Мырзабековго жаза бербөө, Р. Макенов, У. Мурзанаов, А. Түлөбердиев, Д. Яковлев, Б. Турусбеков, А. Гүлжигитовлду эки жылга эркинен ажыратуу жазасын сурады.

С. Өмүрканеов, К. Шаршекеев, С. Алиевди эки жылга эркинен ажыратууну сурады.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимов «Дастан» компаниясын жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелип жатат.

Бул иштер боюнча бардыгы 14 киши сурак берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты