Кулматовду 15 жылга, Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратуу суралууда

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-декабрда, Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор шаардын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму улантылды.

Мамлекеттик айыптоочулар Кубанычбек Кулматовго үй-мүлкүн конфискациядоо менен 15 жылга эркинен ажыратууну суранууда.

Албек Ибраимовго үй-мүлкүн конфискациялоо менен жалпысынан 20 жылга эркинен ажыратууну мамлекеттик айып суранып жатат.

Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду, мэриянын кызматкерлери Урмат Мырзакановду, Бакыт Турусбековду, Азамат Гүлжигитовду 8 жылга, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановду, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиевди, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеевди 15 жылга кесүүнү суранды.

Ал эми «Дастан Инжиниринг» компаниясынын мурдагы директору Асылгүл Сасыбаева менен Мырзабек Бактыбековду кылмыш мөөнөтү өткөнү үчүн үй камагына чыгаруу тууралуу суранды.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимов «Дастан» компаниясын жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелип жатат.

Бул иштер боюнча бардыгы 14 киши сурак берүүдө

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты