Манас жана Айтматов академиясында

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-декабрда, «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун улуттук академиясына барды.

Академия Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 2019-жылдын 31-январында түзүлгөн.

Мамлекет башчы академиянын имаратын көрүп чыгып, манасчылардын айтуусунда «Манас» эпосунан үзүндү укту.

Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты.

Жээнбеков «Манас» эпосу — тарыхыбыздын, ал эми Айтматов — маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү экенин баса белгиледи.

Чыӊгыз Айтматовдун «Манас» эпосунун изилденишине, аны басып чыгарууга эбегейсиз эмгек кылганын өзгөчө белгилеп, «Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү ажыратып, бөлүп кароого болбостугун кошумчалады.

Ал академияны кыргыздын эки руханий өзөгү — Айкөл Манастын рухунун кубаты жана Чыңгыз Айтматовдун акылынын күчү көтөрүп турганын баса белгиледи.

Академия Айкөл Манастын осуяттарын кеңири жайылтып, аларды мамлекеттик башкарууда жана жаштарды тарбиялоодо жаңы шарттарга ылайыктай ала турганына ишеничин билдирип, жыйырма биринчи кылымдагы коом «Манас» эпосундагы руханий баалуулуктарга өтө муктаж экенин белгилей кетти.

Чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун жакындары жана туугандары Президент менен маданий тармактын өнүгүүсү, жаштарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоо боюнча пикир алмашышып, Академиянын келечектеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу каалоо-тилектерин айтышты.

Алар ошондой эле маданият тармагына көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоого, анын ичинде чыгармачыл союздарга, өлкөнүн маданий объекттерин жаңылоого жардам берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Академия илимий, техникалык жана өнөр таануу изилдөөлөрүнө жардам көрсөтүп, «Манас» эпосундагы, кыргыз элдик эпикалык маданиятындагы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасындагы көөнөрбөс руханий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтып жана популяризациялоого көмөктөшөт.

Ошондой эле илимий-практикалык, илимий-техникалык конференция, долбоор, конкурс, симпозиум жана башка иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү, катышуу жана илимий-изилдөө, илимий-популярдык эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык тематикалык басылмаларды, аудиовизуалдык, окутуучу-билим берүүчү, үйрөтүүчү материалдарды басып чыгарууга жардам берет.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты