​2020-жылдагы республикалык бюджет тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду түзөт

  • 4 года мурун

Кечээ, 28-ноябрда, Жогорку Кеӊеш жыйынында 2018-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө , 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонот.

2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 24,5 пайызына каралат.

2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деңгээлинде белгиленген (ички дүң продукциянын 26 пайызы).

2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду же ички дүң продукциянын 1,5 пайызын түзөт.

2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 млрд 953 млн сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 3 млрд 106 млн сом өлчөмүндө оң сальдо жана тышкы булактар боюнча 6 млрд 847 млн сом өлчөмүндө оң сальдо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты