Дүйшөмбү шаарында контрабандага айыпталган бажы кызматкерлери соттолду

  • 4 года мурун

Дүйшөмбү шаарынын Сомони райондук соту контрабандага айыпталган мурдагы эки бажы кызматкерин 10 жана 6 жылга эркинен ажыратты.

Шомилжон Наботов менен Мухаммаднозим Нозимов быйыл май айында тажик президенти бажы, салык жана каржы органдарынын ишин сындап, аткаминерлер коррупция жана уурулукка барып жатканын айткандан кийин кармалышкан.

Мурдагы эки бажы кызматкери тажик-өзбек чек арасындагы бажы бекетинде иштешкен.

Адвокаттын айтымында, Мухаммаднозим Нозимов 23-майда, укук коргоо органдары Дүйшөмбүдө фура кармагандан кийин камалган:

–Ал унаа Өзбекстандан кийим ташып келаткан. Жүк бажы тариздөөсүнөн өткөн эмес.

Бул иштин алкагында алты киши кармалган – үчөө бажы кызматкери, экөө өзбекстандык айдоочу болгон. Кийинчерээк Мухаммаднозим Нозимов менен Шомилжон Наботовдон башкалары айып пул төлөгөн соң бошотулган.

Соттолуучулар да 55 миң сомони (5,5 миң доллар) өлчөмүндөгү материалдык зыянды толугу менен мамлекетке кайтарып беришкен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты