​Бажыдагы коррупцияга байланыштуу депутаттык комиссия курамы толукталат

  • 4 года мурун

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге байланыштуу окуяларды иликтөө боюнча депутаттык комиссия курамы өзгөрдү.

Искендер Матраимовдун ордуна КСДП фракциясынан Абтандил Кулбараков, ал эми Алтынбек Сулаймановдун ордуна «Бир болдон» Жаныбек Бакчиев кирди.

Буга чейинки комиссия мүчөлөрү Искендер Матраимов жана Алтынбек Сулайманов коомчулуктун сынынан кийин комиссия курамынан чыгып кеткен.

Кыргызстанда ишкерлик кылган Айеркен Саймаитинин Стамбулда өлтурүшү боюнча 21-ноябрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Кытайлык жеке ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдан өлтүрүлгөн.

КР Тышкы иштер министрлиги ведомстволор аралык комиссия түзүп, анын ишин текшерүүгө ала турганын кабарлаган.

«Азаттык» , «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» ( (OCCRP) долбоору Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөө жарыялаган.

Коллаж сүрөттө: Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаити жана коррупцияга шектелген Бажы кызматынын мурдагы башчысы Райым Матраимов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты