​Экс-спикер Турсунбеков менен Президентке импичмент жарыялоо, коррупция жана Бишкекке жагымдуу белек туурасында кыска маек

Акыркы күндөрү болуп өткөн окуялар атамекендик айрым саясатчыларды осол абалга кептеди. Көптөр эң эле ыңгайлуу жана пайдалуу вариант катары унчукпай коюуну артык көрүшүүдө. Бирок, талкууга түшкөн маанилүү маселелерден четте калбай, өз позициясын билдирип коюуну чечкендер да жок эмес.

Алардын бири — пикирине коомчулук сөзсүз көңүл бура турган ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков. Биз ага президент, коррупцияга каршы митинг жана Турсунбековдун өзүнүн тегерегинде айтылып жаткан өйдө –ылдый маалыматтар туурасында бир нече суроо узаттык.

— Чыныбай Акунович, сизге бере турган алгачкы жана учурдагы курч суроо мындай: Сиз кесиптешиңиз Карамушкина тарабынан көтөрүлүп жаткан президент Жээнбековго импичмент жарыялоо демилгесин колдойсузбу?

— Болуп өткөн окуяларга бир гана президент эмес, баарыбыз күнөөлүүбүз. Анын ичинде премьер, өкмөт да күнөөлүү, жоопкерчиликти парламенттин депутаттары, биз да өзүбүздөн алып сала албайбыз. Биз эч нерсе кылбай, кайдыгер карап гана келдик да. Эми көп нерсе Коопсуздук Кеңеши кабыл алган чараларга байланыштуу болот. Эгерде коомчулуктун талабы канааттандырыла турган болсо, анда бул маселеге чекит коюлат.

— Жакында сиздин 2018-жылдагы кирешелериңиз жөнүндөгү декларация жарыяланды. Дээрлик 39 млн сом менен көптөгөн кыймылсыз мүлкүңүз бар экен. Мунун баарын мураска алган эмессизби?

— Муну кайталап айтып отурбайын дедим эле, бирок мен саясатка бутуна бекем турган ишкер катары келдим. Өзүмдүн кирешелеримди эч качан жашырган эмесмин, декларацияларды дайыма ачык толтуруп келатам. Бирок менин мүлкүмдүн тек жайын өзүлөрү каалагандай таптакыр башка жакка бургулары келип жаткан айрым жолдоштордон улам дагы бир ирет түшүндүрмө бере кетүүгө аргасыз болуп турам.

Биринчиден, «24 kg» маалымат агенттиги көрсөткөн 39 млн сомдун 38,3 млн сому менин 2018-жылдагы кирешем эмес, бул 3 батир жана 4 машине токтотуучу жайдын наркы. Мындан тышкары, 3 батирдин экөө ушул жылы биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндөгү келишимдин негизинде «Айгюн Иншаат» ЖЧКга кайрадан катталган.

Менин 2018-жылдагы тапкан кирешеме келе турган болсок, бардык төлөмдөрдөн тышкары анын жалпы баасы 736 308, 21 сомду түзгөн. Айрым активисттер болбой эле мага жана менин үй-бүлөмө бизге эчак таандык болбой калган машинелерди, биз эч качан ээлик кылбаган дагы кайсы бир үйлөрдү жабыштырып жатышат. Дагы бир ирет кайталап коеюн, мен эч качан өзүмдүн, үй-бүлөмдүн кирешелерин жашырбайм жана бул боюнча коомчулукка отчет берип турууга дайыма даярмын.

Сиз Бишкек арак-шарап заводуна карата кандай пландарыңыз бар экенин ачык айта аласызбы?

— Бул суроого сиздердин басылманы урматтаганым үчүн гана жооп берип, ошону менен буга биротоло чекит койгум келет. БАШЗ боюнча менин эч кандай пландарым жок, мунун себеби бир гана бул завод меники эмес, эч качан мага таандык болгон да эмес. Мен аны сатып алган эмесмин, анын тагдырына да эч качан кийлигишкен эмесмин. Ооба, аны балекет басып менин жакын тууганым сатып алганы чын.Эми мындан менби же ал көп жабыр тартып атабы, аныгын билбей атабыз. Кезектеги жүргүзүлө турган тергөө бул маселеге биротоло чекит коет деген үмүттөмүн. БАШЗ маселесин улам көтөрө чуркап, менден 11 миң доллар доолап жаткан «активист» Аспеков боюнча да чекит коюлат деп ишенем. Сиздин сурооңузга толук жооп бердим деп ойлойм.

— Баса, Сизге карата «шек жаратып жаткан» дагы бир мүлкүңүз – мурдакы «Акылинвестбанк», учурдагы «Капитал Банктын» да чоо –жайын да тактай кетсеңиз?

— Бул суроону негизи банктын түздөн түз ээси – менин жубайыма берсеңиз болмок. Ал баарын кенен айтып бермек. Мен буларга гана токтоло кетейин: банк мындан жети жыл мурда, 2012-жылы жеке адамдан – банктын ээсинен сатып алынган. Банктын мамлекетке эч кандай тиешеси жок, болгон да эмес! Бирок банктын акцияларын сатып алуу үчүн КРнын Улуттук Банкынын макулдугун алуу керек, мындай макулдукту Улуттук Банк сатып ала турган адамдын декларациясын, финансылык абалын, акча каражаттарынын булагын текшергенден кийин гана бере алат. Ошондуктан бул жагдайлардын баарын эске алганда, кайсы рейдерлик басып алуу туурасында кеп болушу мүмкүн экенин мен таптакыр түшүнбөйм. Мага азырга чейин бул темаларды жок жерден көтөрүү кимдерге керек болуп жатканын билүү кызык болуп турат.

— Акыркы суроо. Борбордогу активисттер талап кылып жаткандай, планетарийди шаарга кайтарып бересизби?

— Менин үй-бүлөмдүн компаниясы шаар үчүн жаңы планетарий куруп бергенге даяр. Биз учурда көңүл бурууга арзый турган бир нече долбоорлорду карап, атайын адистештирилген жабдууларды өндүрүүчүлөр менен алдын — ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буюрса, биринчи кезекте кичинекей бишкектиктерге жана шаардыктарга ушундай бир сонун белек тартуулайбыз деген ниетибиз бар!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты