Баткен облусунда жер титиреди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 20-ноябрда саат 15:32де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 21-ноябрда билдирди.
Жер титирөө Кадамжай районунун Орозбеков, Сары-Талаа, Гайрат айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганы айтылды.
Муну бөлүшүү