​Президент диний абалдан кабар алды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма соз кызматы кабарлады.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епископу Даниил катышты.

Мамлекет башчы Кыргызстан элинин маданияттарынын биримдигин жана ар түрдүүлүгүн сактоо жана бекемдөөнүн маанисин, инсан, коом жана мамлекеттин өнүгүүсүндө руханий жан дүйнөнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

Муфтий Максат ажы Токтомушев жана епископ Даниил региондордо конфессиялар аралык диалогду жакшыртуу, өлкөдө диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле коомдо конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту бекемдөө, радикализм жана экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, 21-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясына даярдык жөнүндө маалымат берилди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты